Чолпон Султанбекова: Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча чечимге Чыңгыз Айдарбековдун ордуна кол коюуга укугум жок
Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин төрага орун басары резонанстуу документ боюнча позициясын айта элек
Вице-премьер-министр Эдил Байсалов мурда маалымдалгандай, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбековдун Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча тиешелүү комитеттин коллегиалдуу чечимине кол койбой койгон позициясын сынга алды.
Андан ары эмне болот? Жогорку Кеңештин аталган комитетинин төрагасынын орун басары чуулгандуу документке кол кое алабы?
Бул суроолор менен Vesti.kg сайты Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жетекчисинин орун басары Чолпон Султанбековага кайрылды.
«Мен Чыңгыз Айдарбековдун ордуна комитеттин коллегиалдуу чечимине кол коюуга укугум жок», - деп жооп берди Султанбекова. - Бул ЖКнын жоболоруна ылайык кабыл алынбайт. Комитеттин жыйынын төрага өзү алып барган, ошондуктан бул документке ал гана кол кое алат. Жыйынды алып баруу мага тапшырылса, анда мен ага кол коюуга милдеттүү болмокмун.
Ал арада Султанбекова Кемпир-Абад келишими боюнча өзүнүн жеке позициясын айтпай, бул келишимди Жогорку Кеңеште ратификациялоодо өз оюн айтууга убада берди.
«Бул келишим боюнча комитеттин чечими жабык эшик артында кабыл алынды», - деп улантты ал. - Демек, ким кандай добуш бергенин коомчулукка жарыялоо мен тараптан туура эмес . Басма сөзгө терең урматтоо менен. Бул келишим боюнча менин жеке позицияма келсек, бул документти ратификациялоодо баарын көрөсүздөр.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин профилдик комитети Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдин долбоорун талкуулады. Комитет мүчөлөрү жабык эшик артында добуш беришти: макул – 6 адам, каршы – 4 адам.
Ислам Жолдошов
сүрөт www