Бишкек-Ош жолунда 4 жаштагы кыз жолго чуркап чыгып, унаанын дөңгөлөгү астында каза болду
Баланын апасы айдоочуга эч кандай доосу жок деп арыз жазган
Бишкек-Ош жолунда 4 жаштагы кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
- Окуя Бишкек-Ош жолунун 388-чакырымында болгон, - деп билдиришти укук коргоо кызматкерлери. - Бала жолдо ойноп баратып, бир маалда трассага чуркап чыгып, ВАЗ 2101 үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетип, кыз алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Маркумдун апасы соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартып, кызынын сөөгүн алып кеткен. Ал айдоочуга эч кандай дооматым жок деп арыз жазган. Ошондой эле айдоочу спирт ичимдигин ичпегени аныкталган.
Михаил Готфрид
Сүрөт www