Акылбек Жапаров: Тажикстандын Баткен облусуна басып киришинен Кыргызстан 3 миллиард 130 миллион сом зыян тартты
Министрлер кабинетинин башчысы бул алдын ала эсептөөлөр гана экенин белгиледи
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аткарылган иштер боюнча отчет берди. Анын айтымында, Баткен облусуна Тажикстандын аскерий чабуулунан Кыргызстан алдын ала маалыматтар боюнча 3 миллиард 130 миллион сом зыян тарткан.
«Мен сөзүмдү жакшы жаңылык менен баштагым келет — 7 миллионунчу кыргызстандык төрөлдү», — деди Жапаров. - Өлкөлөрдүн калкы жылдан жылга өсүп жатат. Акыркы 30 жылдын ичинде биздин коңшулардын калкы интенсивдүү жана көп эсе көбөйдү. Ошондуктан жер маселеси актуалдуу бойдон кала берет. Бардык чек ара маселелерин чечип, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо керек. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Баткен облусуна Тажикстандын басып киришинен биз адамдык жана материалдык жоготууларга учурадык. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга 3 миллиард 130 миллион сом зыян келтирилген. Бул алдын ала эсептөөлөр экенин дагы бир жолу эскертем.
Ислам Жолдошов
сүрөт www