Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чыңгыз Айдарбеков ЖКнын тиешелүү комитетинин төрагалыгынан алынды

43 депутат кесиптешине каршы чыкты

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Чыңгыз Айдарбековду Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан чакыртып алуу боюнча токтом долбооруна добуш беришти.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында 43 депутат Айдарбековду профилдик комитеттин төрагалыгынан кетирүүгө макул болду. Мындай чечимге 16 депутат каршы добуш берди.

Ал арада парламентарий Сүйүнбек Өмүрзаков добуш берүү процедурасынан кийин вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевге каршы добуш бергенин, бирок компьютер "макул" деп көрсөткөнүн айтты. Анан протоколго өзгөртүү киргизүүнү суранды.

Эске салсак, Чыңгыз Айдарбеков депутаттардын коллегиалдуу чечимине кол коюудан баш тарткан, тактап айтканда, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү каралган.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх