Мамкурулуштун жетекчиси Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту
Жыйын улуттук суу ресурстарын башкаруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында өттү
Жакында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев Дүйнөлүк банктын суу ресурстарын башкаруу боюнча жетектөөчү адиси, эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Азад Абдулхамид баштаган адистер тобу менен жолугушту.
Жолугушуу улуттук суу ресурстарын башкаруу боюнча долбоорду жана климаттын өзгөрүшүнө туруштук бере турган суу чарба кызматтарын жакшыртуу долбоорун ишке ашыруунун алкагында өттү.
Жолугушууда долбоордун жүрүшүнө баа берүү жана келип чыккан негизги кыйынчылыктар, долбоордун сунушталган реструктуризациясы, долбоорду башкаруу жана фидуциардык аспектилерге сереп салуу, ошондой эле негизги аракеттер жана кийинки кадамдар талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар көтөрүлгөн маселелерди тез арада чечүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Мамкурулуштун басма сөз кызматы
Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматынын фотосу