ТИМ Жээнбек Кулубаев Франциянын КРдагы элчиси Франсуа Делаусту кабыл алды
Тараптар энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту
Бир күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Франция Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаусту кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Шериктештикти мындан ары активдештирүү максатында Жээнбек Кулубаев жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлардын маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташуу маселелерине, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарына өзгөчө көңүл бурушту. Анын алкагында Франциянын элчиси EDF (Electricite de France) мамлекеттик компаниясы жана анын Кыргызстан менен өнөктөштүк пландары тууралуу кеңири маалымат берди.
Жээнбек Кулубаев өлкөнүн келечектүү гидроэнергетикалык потенциалы тууралуу маалымат берип, стратегиялык маанидеги долбоорлорго ири инвесторлорду жана адистерди тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт ТИМдин басма сөз кызматы