Бишкекте мыйзамсыз орнотулган күркөлөр демонтаждалды
Муниципалдык инспекция күн сайын текшерүү жүргүзөт
Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти иретке келтирүүдө.
Инспекция күн сайын объекттерди орнотуунун мыйзамдуулугун, көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын текшерет.
Инспекция Жибек-Жолу жана Т.Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода күркөсүн демонтаждады. Ал эми Сыдыков көчөсүндөгү күркө ээси тарабынан өз ыктыяры менен жоюлган.
Ошондой эле текшерүүдө Бишкек шаарынын мэриясынын №192 буйругунун аткарылбагандыгы аныкталды. «Виват ТРК Де Люкс» компаниясынын кызматкерлери белгиленген участокто (Кожевенная көчөсүнүн боюнда) ишембилик өткөрүшкөн эмес. Аларга карата Кыргыз Республикасынын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 434-беренеси боюнча протокол түзүлдү.
Бишкек мэриясы