Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто райондук электр тармактар ​​ишканасынын жооптуу кызматкерлерине прокуратура кылмыш ишин козгоду

Текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекетке 1 миллион 372 миң 476 сом зыян келтирилгени аныкталган

Ош шаарынын прокуратурасы түштүк борбордун райондук электр тармактар ​​ишканасында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдын аткарылышын текшерүүгө алды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, текшерүүнүн жүрүшүндө Ош райондук электр тармактар ​​ишканасынын кызмат адамдары расмий документке атайылап жалган маалыматтарды киргизип, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алганы, тактап айтканда 2020 жана 2021-жылдары электр жабдууларын жана материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз эсептен чыгарып салышкандыгы аныкталган. Ошентип, алар мамлекетке 1 372 476 сомдук материалдык зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча түштүк борбордун прокуратурасы тарабынан райондук электр тармактар ​​ишканасынын жооптуу кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210 (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу) 1-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх