Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Еревандагы жыйынында сөз сүйлөдү
Министрлер кабинетинин башчысынын толук текстин жарыялайбыз
«Тышкы рыноктордо өсүп жаткан чакырыктардын жана чектөөлөрдүн жана Биримдиктеги экономикалык өнөктөштөрүбүзгө карата айрым өлкөлөрдүн санкциялык кысымынын шартында биз тышкы рыноктордогу кыйынчылыктарды компенсациялоо үчүн ички рынокторубузда бизнес жүргүзүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Эгерде биз жумшартуучу чараларды көрбөсөк, экономикабыз үчүн мында дагы олуттуу кыйынчылыктарга туш болушубуз мүмкүн», - бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарында (Армения Республикасы) өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйынында билдирди.
Төмөндө Министрлер Кабинетинин башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн текстин келтиребиз:
Сиздер менен Ереван шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумунда жолугушкандыгыма кубанычтамын.
Учурдан пайдаланып, Никол Воваевич Пашинянга салттуу меймандостугу жана иш-чарабызды жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.
Мен байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү: Куба Республикасынын Премьер-министри – Мануэль Марреро Круска, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри – Абдулла Нигматович Ариповго өзгөчө салам жодогум келет.
Урматтуу кесиптештер,
Биздин жыйын дүйнөлүк соода мамилелеринин уланып жаткан туруксуздугунун жана дүйнө жүзү боюнча экономикалык белгисиздиктин шартында өтүп жатат.
Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн учурдагы татаал шарттарын, жеткирүү чынжырларын жана финансылык эсептешүүлөрдү трансформациялоону, ошондой эле Биримдиктеги стратегиялык өнөктөштөрүбүзгө бир тараптуу санкциялык басымды эске алуу менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда.
Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын жана улуттук деңгээлдеги көрүлүп жаткан кризиске каршы турукташтыруу чаралары өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп жатканын белгилеп кетким келет, муну реалдуу цифралар тастыктайт.
Тышкы жагымсыз факторлорго карабастан, 7 айдын жыйынтыгы боюнча жалпы союздук ИДПнын кескин төмөндөшүнө жол берилген жок, бул көрсөткүч 2021-жылдын ушул эле мезгилинин деңгээлинде сакталып калган.
Өнөр жай өндүрүшүндө оң көрсөткүчтөр байкалууда. 2022-жылдын январь-август айларында өнөр жай өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн индекси 100,8%ды түздү.
Айыл чарба продуктыларын өндүрүү боюнча союздун потенциалы чыңдалууда. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ЕАЭБде айыл чарба продукциясын өндүрүү 4,4%га өскөн.
Ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 6,6%га өсүү менен инвестициянын агылып келүүсүндө оң динамика байкалууда.
ЕАЭБ боюнча ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 28,2%га кыскарды, ал эми Биримдик боюнча реалдуу эмгек акы өсүү тенденциясына ээ.
Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Биримдиктин Кытай, Индия жана АСЕАН өлкөлөрү сыяктуу негизги өнөктөштөрү менен тышкы соодасынын көлөмү туруктуу өсүшкө ээ болууда. Алсак, алар менен сооданын көлөмү тиешелүү түрдө 31,9%, 31,7% жана 11,3%га өскөн. Учурдагы чектөөлөргө карабастан, Европа Биримдиги менен сооданын көлөмү 28,4% өскөн.
Үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүү динамикасы да оң көрсөткүчкө ээ болууда. Ошентип, ИДП 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,2%га өстү.
Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2,5 млрд АКШ долларына жакын сумманы түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,0%га өстү, ал эми экспорт 682,3 млн АКШ долларын түздү (өсүү 1,6 эсе), ал эми импорт - 1,7 млрд АКШ долларын (27,5%га өсүү) түзгөн.
Кымбаттуу достор,
Тышкы рыноктордо өсүп жаткан чакырыктардын жана чектөөлөрдүн жана Биримдиктеги экономикалык өнөктөштөрүбүзгө карата айрым өлкөлөрдүн санкциялык кысымынын шартында биз тышкы рыноктордогу кыйынчылыктарды компенсациялоо үчүн ички рынокторубузда бизнес жүргүзүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Эгерде биз жумшартуучу чараларды көрбөсөк, экономикабыз үчүн мында дагы олуттуу кыйынчылыктарга туш болушубуз мүмкүн. Белгилей кетсек, дүйнөдөгү экономикалык өнүгүү боюнча болжолдор анча деле көңүл жылытарлык эмес. Жакынкы жылдарда өсүү темпинин кескин төмөндөшү жана дүйнөлүк экономикада рецессия күтүлөт.
Буга байланыштуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү боюнча Жогорку деңгээлдеги жумушчу топ глобалдык жана аймактык деңгээлдеги экономикалык кырдаалга тынымсыз мониторинг жүргүзүүсү жана зарыл болгон учурда антикризистик чаралардын пакетин киргизүүсү тийиш деп эсептейм.
Урматтуу кесиптештер,
Акыркы 9 айдын ичинде биз биргеликте экономикалык туруктуулукту жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бизнести колдоо жана интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү боюнча биргелешип макулдашылган чараларды кабыл алдык.
Алсак, ЕАЭБ органдарынын 55 чечими, 3 чаралар пакети кабыл алынган, анын натыйжасында 1310 товардык позиция боюнча ташып келүү бажы алымдарынын ставкалары убактылуу нөлгө түшүрүлгөн – булар азык-түлүк, өндүрүш, жеңил өнөр жай, фармацевтика продукциясы, машина куруу жана башка товарлардын өндүрүшү үчүн азык-түлүк жана чийки зат тобунун товарлары.
Каатчылык учурунда жагымдуу шарттарды түзүү жана бизнести колдоо максатында Биримдиктин бир катар техникалык регламенттерине талаптар жумшартылды.
Күндө керектелүүчү товарлардын жана маанилүү импорттук товарлардын тартыштыгын болтурбоо үчүн жеке жактар үчүн товарларды бажы алымсыз ташып келүү босогосу 1000 еврого чейин көтөрүлдү.
Биримдиктин өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды координациялоо, анын ичинде негизги социалдык мааниге ээ товарлар боюнча биргелешкен индикативдик баланстарды бекитүү боюнча иштер күчөтүлдү. Быйылкы жазда көрүлгөн ыкчам чаралардын аркасында азык-түлүк тартыштыгын болтурбай коюуга мүмкүн болду.
Дары-дармектер менен камсыз кылуу максатында дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды каттоонун жол-жоболору, ошондой эле өндүрүш үчүн жабдууларды жана чийки заттарды ташып келүүнүн техникалык жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлдү.
Мындан тышкары, Биримдиктин ички чек араларында контролдук чараларды минималдаштыруу, мүчө мамлекеттердин транзиттик жагымдуулугун жогорулатуу, ЕАЭБ аймагында товарларга байкоо жүргүзүүнү жана алардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу максатында Навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн транзиттик ташууларга кепилдик механизмдерин иштеп чыгуу, финансылык кепилдиктердин көлөмүн азайтуу жана кепилдик институтун өнүктүрүү жагынан шарттар түзүлдү. Тиешелүү Макулдашууга да быйыл кол коюлган.
Урматтуу кесиптештер,
Үстүбүздөгү жылдын башында Биримдиктин мүчө-мамлекеттеринин башчыларына кайрылып, Кыргыз Республикасынын Президенти, урматтуу Садыр Нуркожоевич Жапаров Евразия экономикалык биримдигинин органдарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи, алар: Биринчиден, 2025-жылга чейин экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында белгиленген максаттарга жетүү зарылчылыгы; Бирликтин ички рыногунда “төрт эркиндик” принцибин камсыз кылуу; өнөр жай жана агроөнөр жай чөйрөсүндө кооперацияны өнүктүрүү; импортту алмаштыруу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; транспорттук инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү; эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
Биздин макулдашылган аракеттерибиздин аркасында быйыл 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча масштабдуу иштер аткарылды. Үстүбүздөгү жылдын төртүнчү кварталында быйылкы жылдын планына киргизилген калган иш-чаралар аткарылат деп ишенем.
Биримдиктин өнүгүүсү жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын ырааттуу өсүшү үчүн мүчө мамлекеттердин улуттук, борбордук банктары жана өкмөттөрү үчүн Биримдик мамлекеттери менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталардын үлүшүн көбөйтүү боюнча сунуштар иштелип чыккан. Ал эми ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго да Биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосунда импорттук бажы алымдарынын суммаларын улуттук валютада которуу мүмкүнчүлүгү бөлүгүндө кол коюлган. Биздин сунуштарды максаттуу колдонуу өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валюталарыбызга которууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз.
Тынымсыз иштердин натыйжасында биз “Евразиялык Агроэкспресс” сыяктуу маанилүү инфраструктуралык жана транспорттук долбоорлорду ишке ашырууга негиз түзө алдык. 2022-2023-жылдарга Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринде жарандык авиация тармагында өнөр жай кооперациясын кеңейтүү боюнча “Жол картасы” жана Биримдикке мүчө мамлекеттердин транспорт тармагындагы артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлордун тизмеси кабыл алынды.
Урматтуу кесиптештер,
Быйыл биз атайын комиссия түзүү менен Евразия экономикалык биримдигинин алкагында артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарда кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча иштерге жаңы дем бердик.
Өнөр жайдагы кооперациялык кызматташтык чөйрөсүндө биз кабыл алган чечимдер Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясынын узак мөөнөттүү мүнөзүн жана туруктуу ресурстук-финансылык колдоосун эске алуу менен эффективдүү жана ошону менен бирге тең салмактуу болууну талап кылат.
Импортту алмаштыруучу жогорку технологиялуу өндүрүштөрдү түзүү перспективасы көп жылдар бою иштөө экенин жана бул демилгени туруктуу ишке ашыруу үчүн биз атайын жана антидемпингдик алымдардан ала турган ресурстар аз болорун белгилегим келет. Ошого жараша каржылоонун натыйжалуу жана туруктуу механизмдери жана булактары керек.
Ушуга байланыштуу, Комиссияга кооперациялык долбоорлорду каржылоонун альтернативдүү булактарын жана финансылык колдоонун формаларын түзүү маселелерин кошумча иштеп чыгууну сунуштайм.
Биргелешкен кооперация долбоорлорун каржылоонун механизмдерин жана булактарын калыптандыруу менен катар биз кооперациянын экосистемасын иштеп чыгуу жана өнүктүрүүнү колдоо механизмдерин түзүүнүн институционалдык негиздери жөнүндө ойлонушубуз керек. Мындай институттар улуттук деңгээлде мурдатан эле бар жана интеграцияны андан ары өнүктүрүү үчүн, албетте, кооперациялык долбоорлордун пулун түзүү, инвестициялык долбоорлорду баалоонун бирдиктүү методологиясын иштеп чыгуу, аймактарга инвестицияларды тартууда жана инвестициялык долбоорлорду даярдоодо көмөк көрсөтүү, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоо мандаты бар улуттар аралык институтту түзүүнү талап кылат.
Урматтуу кесиптештер,
Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелер кыйла интенсивдүү өнүгүп, санариптик мейкиндикке айланып, дүйнөлүк электрондук коммерцияга интеграцияланууда. Мамлекеттер үчүн электрондук коммерциядан дивиденддерди алуу, эгерде биз экономиканын бул сектору менен бирге болсок, заманбап жана түшүнүктүү жөнгө салууну түзсөк мүмкүн болот. Бул тапшырманы чечүү республикалык бюджеттерди толтурууга жана союздук закондордогу укуктук боштуктарды толтурууга мүмкүндук берет.
Комиссия тарабынан быйылкы жылы башталган тоскоолдуктарга каршы күрөштө ЕАЭБдин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча толук масштабдуу иштерди белгилей кетүү керек. Комиссия даярдаган көптөгөн сунуштар бар.
Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарга каршы күрөш күн тартибиндеги эң маанилүү багыттардын бири бойдон калууда. Акыркы 6 жылда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчыларынын ар бири ички рыноктогу көйгөйлөрдү айтышты, бирок, тилекке каршы, тоскоолдуктардын саны азайбай жатканын моюнга алуу керек. Комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жана анын функцияларын жана компетенцияларын толук ишке ашыруу үчүн мамилени кайра карап чыгуу, ошондой эле ЕАЭБ сотун бул процесске тартуу зарылчылыгы бар экендиги айкын болуп турат.
Балким, дагы эффективдүү, балким катаал, бирок укуктук да, каржылык жактан да эффективдүү механизмдер жөнүндө ойлонууга убакыт келди.
Урматтуу өкмөт башчылары,
Евразия экономикалык биримдиги биримдиктин үчүнчү өлкөлөр менен эл аралык соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүүдө.
Алсак, Иран менен эркин соода аймагын түзүүгө алып баруучу Убактылуу макулдашуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө протокол кабыл алынып, Индонезия Республикасы менен эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечими кабыл алынды. Чыгыш жана Түштүк Африка үчүн Жалпы рыноктун Атаандаштык комиссиясы менен атаандаштык саясаты жана колдонуу укугу жаатында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду.
Египет менен эркин соода зонасы жөнүндөгү келишимге кол коюу - жогорку деңгээлдеги даярдыкта турат. Бириккен Араб Эмираттары менен келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат.
Аймактык экономикалык интеграция, экономика жана финансы, транспорт жана транспорт, санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, соода саясаты жана атаандаштык саясаты тармактарында өз ара аракеттенүү максатында үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында ЕЭК менен Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин Секретариатынын ортосунда Меморандумга кол коюлган.
Бул өлкөлөр жана уюмдар менен сүйлөшүүлөрдүн аякташы биздин өндүрүүчүлөргө 2 миллиарддан ашык керектөөчүлөрдүн рыногуна чыгууга мүмкүндүк берет.
ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруу максатында 2027-жылга чейин интеграцияланган маалыматтык системаны (ИМС) өнүктүрүүнүн максаттуу программасы даярдалды. Бирдиктүү ИМС операторунун институту киргизилүүдө.
Санариптик транспорт коридорлорунун долбоору ишке кирди. Транспорттук-логистикалык операцияларды кагаз жүзүндө колдоодон баш тартуу, транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн бирдиктүү стандарттарды түзүү жана маалыматтарды талдоонун негизинде, административдик жүктүн чоң бөлүгүн жүк ташуучулардан алып салуучу акырына чейин интеграцияланган көзөмөл системасына өтүү пландаштырылууда.
«Чек арасыз иш» долбоору аяктап, анын алкагында ЕАЭБдин 4 миңден ашуун жараны өз жумушун тапты.
ЕАЭБдин адамдык капиталын өнүктүрүү жана билим берүү чөйрөсүндө тоскоолдуксуз чөйрөнү акырындык менен калыптандыруу максатында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен Евразиялык тармактык университетти түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюлуп, биринчи уюштуруучулук аны ишке киргизүү жөнүндө чечимдер кабыл алынган. Евразиялык тармактык университет дистанттык окутуу технологияларын колдонуу менен квалификациялуу кадрларды даярдайт, илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды уюштурат, евразиялык интеграциялык баалуулуктардын духунда жаштардын инсандык өсүшүнө дем берет жана башка багыттар менен иш алып барат.
Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарга каршы күрөш биздин күн тартибиндеги эң маанилүү багыттардын бири бойдон калууда. Акыркы 6 жылда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчыларынын ар бири ички рыноктогу көйгөйлөрдү айтышты, бирок, тилекке каршы, тоскоолдуктардын саны азайбай жатканын моюнга алуу керек. Комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жана анын функцияларын жана компетенцияларын толук ишке ашыруу үчүн мамилени кайра карап чыгуу, ошондой эле ЕАЭБ сотун бул процесске тартуу зарылчылыгы бар экендиги айкын болуп турат.
Балким, дагы эффективдүү, балким катаал, бирок укуктук да, каржылык жактан да эффективдүү механизмдер жөнүндө ойлонууга убакыт келди.
Урматтуу өкмөт башчылары,
Евразия экономикалык биримдиги биримдиктин үчүнчү өлкөлөр менен эл аралык соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүүдө.
Алсак, Иран менен эркин соода аймагын түзүүгө алып баруучу Убактылуу макулдашуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө протокол кабыл алынып, Индонезия Республикасы менен эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечими кабыл алынды. Чыгыш жана Түштүк Африка үчүн Жалпы рыноктун Атаандаштык комиссиясы менен атаандаштык саясаты жана колдонуу укугу жаатында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду.
Египет менен эркин соода зонасы жөнүндөгү келишимге кол коюу - жогорку деңгээлдеги даярдыкта турат. Бириккен Араб Эмираттары менен келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат.
Аймактык экономикалык интеграция, экономика жана финансы, транспорт жана транспорт, санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, соода саясаты жана атаандаштык саясаты тармактарында өз ара аракеттенүү максатында үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында ЕЭК менен Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин Секретариатынын ортосунда Меморандумга кол коюлган.
Бул өлкөлөр жана уюмдар менен сүйлөшүүлөрдүн аякташы биздин өндүрүүчүлөргө 2 миллиарддан ашык керектөөчүлөрдүн рыногуна чыгууга мүмкүндүк берет.
ЕАЭБдин санариптик күн тартибин ишке ашыруу максатында 2027-жылга чейин интеграцияланган маалыматтык системаны (ИМС) өнүктүрүүнүн максаттуу программасы даярдалды. Бирдиктүү ИМС операторунун институту киргизилүүдө.
Санариптик транспорт коридорлорунун долбоору ишке кирди. Транспорттук-логистикалык операцияларды кагаз жүзүндө колдоодон баш тартуу, транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн бирдиктүү стандарттарды түзүү жана маалыматтарды талдоонун негизинде, административдик жүктүн чоң бөлүгүн жүк ташуучулардан алып салуучу акырына чейин интеграцияланган көзөмөл системасына өтүү пландаштырылууда.
«Чек арасыз иш» долбоору аяктап, анын алкагында ЕАЭБдин 4 миңден ашуун жараны өз жумушун тапты.
ЕАЭБдин адамдык капиталын өнүктүрүү жана билим берүү чөйрөсүндө тоскоолдуксуз чөйрөнү акырындык менен калыптандыруу максатында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен Евразиялык тармактык университетти түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюлуп, биринчи уюштуруучулук аны ишке киргизүү жөнүндө чечимдер кабыл алынган. Евразиялык тармактык университет дистанттык окутуу технологияларын колдонуу менен квалификациялуу кадрларды даярдайт, илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды уюштурат, евразиялык интеграциялык баалуулуктардын духунда жаштардын инсандык өсүшүнө дем берет жана башка багыттар менен иш алып барат.
Урматтуу кесиптештер,
Бул жыл ЕАЭБдин эл аралык имиджин көтөрүүгө багытталган иш-чараларга бай болду.
Бишкекте ЕАЭБдин алгачкы жана ири бизнес-иш-чарасы - Евразия экономикалык форуму өттү. Форумга 2500дөн ашык делегат катышты.
ЕАЭБ тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Президенти, урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форуму болуп өттү, ошону менен биз биргелешип ЕАЭБдин жаштарынын күн тартибинде өнүгүүнүн пайдубалын түптөгөнбүз. Бул форумга ошондой эле ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнөн жаш ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, журналисттер, окумуштуулар жана студенттер катышты. Жаштар форуму бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик бийлик органдарынын, академиялык жана эксперттик чөйрөлөрдүн жаш өкүлдөрүнүн түз диалогунун салттуу аянтчасына айланат деп ишенебиз.
Кымбаттуу достор,
Мен Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алдын ала жыйынтыктарын чыгарууга кубанычтамын.
Комиссиянын жана биздин өкмөттөрдүн жакшы бирдиктүү жана жемиштүү ишин белгилеп кетким келет. Евразия экономикалык комиссия урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаровдун Кыргыз Республикасынын төрагалыгына байланыштуу кайрылуусун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашырууну улантат деп ишенем.
Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, россиялык кесиптештерибизге Россиянын төрагалыгы астында келе жаткан жылы ийгиликтүү жана жемиштүү иштешин каалайт элем»
Министрлер кабинетинин маалымат кызматы