Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев Баткен облусунун укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери үчүн жумушчу кеңешме өткөрдү

Вице-премьер-министр кабыл алынган чечимдерди аткарбагандыгы үчүн жетекчилер жеке жоопкерчиликтүү экенин баса белгиледи

Бүгүн, 21-октябрда Баткен шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилери, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Жолугушууда Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаалды турукташтыруу жана чыр-чатактарды болтурбоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.


«Чек ара жана чек ара аймактарында жаралган бардык көйгөйлүү маселелер саясий жана дипломатиялык жол менен, сүйлөшүү үстөлүндө гана чечилиши керек. Чек ара маселеси эки мамлекеттин кызыкчылыгын козгойт, буга байланыштуу ар кандай даражадагы чиновниктер дагы, катардагы жарандар дагы чек арадагы кырдаалдын курчушуна өбөлгө түзүүчү шашылыш билдирүүлөрдү жасабашы керек. Бүгүнкү күндө баарыбызга – Кыргызстанга да, Тажикстанга да тынчтык жана стабилдүүлүк, эки мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү керек”, - деп баса белгиледи ал.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Баткен облусунун жетекчилигинин алдына тажик тарап менен кызматташууну бекемдөө милдетин койду.


«Сиздер тараптардын чек ара ведомстволорунун, компетенттүү жана укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү чөйрөсүндө келип чыккан бардык маселелерди токтоосуз чечишиңиздер керек», - деди ал.

Камчыбек Ташиев кабыл алынган чечимдерди аткарбагандыгы үчүн Баткен облусунун укук коргоо органдарынын жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери жеке жоопкерчилик тарта турганын белгиледи.

УКМКнын маалымат жана байланыш бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх