Төрага Нурланбек Шакиев ЖКнын фракциялардын жана депутаттык топтордун жетекчилери менен жыйын өткөрдү
Парламент төрагасы фракциялардын катчылыктарынын жана депутаттык топтордун ишин күчөтүү зарылдыгын белгиледи
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттеги фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ЖКнын коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмү билдирди.
Жыйында мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын ишке ашырууда Жогорку Кеңештин фракцияларынын маанилүү ролу белгиленди, анын ичинде катчылыктардын ишин өнүктүрүү маселеси каралды.
Нурланбек Шакиев депутаттар эл өкүлү катары калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүнү, мыйзамдардын аткарылышын толук көзөмөлгө алышы керектигин белгиледи.
«Ошондуктан бардык маселелер тиешелүү комитеттерде, фракцияларда тыкыр талкууланышы керек. Ал үчүн комитеттерге депутаттарды бекитүүдө алардын тажрыйбасынын тигил же бул тармакка тиешелүүлүгүн эске алуу зарыл», - деди ал.
Парламент төрагасы ошондой эле фракциялардын катчылыктарынын жана депутаттык топтордун ишин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Эске салсак, Жогорку Кеңеште «Ата Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан», «Ыйман Нуру» фракциялары жана «Элдик», «Мекенчил» депутаттык топтору иш алып барат.
Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү
Сүрөт коомчулук бөлүмү тарабынан