Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеште акы төлөнүүчү жолдор боюнча парламенттик угуу өтөт

1-ноябрдагы жыйынга жарандык коом чакырылган

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети министрлер кабинети тарабынан демилгеленген “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрүүдө. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Парламенттик угууга катышууга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылган.

Мыйзам долбоорунда төмөнкүлөр каралган:

- акы төлөнүүчү жол түшүнүгү;

- автомобиль жолун акы төлөнүүчү негизде пайдалануу боюнча чечимдер кантип жана ким тарабынан кабыл алынышы мүмкүн;

- акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун түзүү, автомобиль жолдорун акы төлөнүүчү объект катары эксплуатациялоону уюштуруу жана мөөнөттөрү боюнча чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары;

- жол акысын төлөөгө мүмкүн болгон шарттар;

- акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого жана эксплуатациялоого инвесторлорду стимулдаштыруу боюнча чаралар, акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун курууга жана башкарууга жеке инвесторлордун катышуусунун формалары;

- акы төлөнүүчү жолдордо жүрүү үчүн жеңилдиктер системасы;

- жолдорду жана жол чарбаларын акы төлөнүүчү негизде эксплуатациялоодон түшкөн каражаттарды тескөөнүн тартиби.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх