Кыргызстан Түштүк Кореяда өткөн көргөзмө-жарманкеге катышты
Бир жума бою келгендер кыргыз боз үйүндө эс алып, улуттук даамдардан даам татышты
Кыргызстан Түштүк Кореяда өткөн “Борбор Азия маданиятынын жумалыгы – 2022” көргөзмө-жарманкесине катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
- Иш-чара Сеулда өттү, - деп билдирди Тышкы иштер министрлиги. – Бир нече күн бою Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кореянын ортосундагы мамилелерге арналган инсталляция менен таанышууга болот. Улуттук боз үйгө зыярат кылуу, анда убакыт өткөрүү, кыргыз элинин жашоосу, маданияты, тарыхы менен таанышууга, республиканын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга мүмкүн болду. Ар бир каалоочу биздин улуттук тамактарды да жесе болот.
Жыйынтыгында Борбордук Азиянын ар бир мамлекетинин өнөрпоздорунун тематикалык номерлери менен концерт тартууланды.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www