Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Текебаев Кыргызстандын азык-түлүктөрүн Германияга алып барууну сүйлөшүүдө

КРнын Элчиси Германиянын Doppelpack Handels GmbH компаниясынын башкы менеджери менен жолугушту

Өткөн дүйшөмбүдө, 24-октябрда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев мейманкана бизнеси, коомдук тамактануу жана чекене соода үчүн тамак-аш азыктарынын кеңири ассортиментин сатууга адистешкен Германиянын Doppelpack Handels GmbH компаниясынын башкы менеджери Эднан Ыйлар менен жолугушту.

Текебаев германиялык ишкер менен Кыргызстандын ВСП+ макамына ээ экенин эске алуу менен Германияга Кыргызстандын азык-түлүктөрүн, кургатылган жемиштерин, консерваларын, төө буурчактарын ташып келүү, ошондой эле Евробиримдиктин стандарттарына ылайык сертификациялоо маселелерин талкуулады. .

Ишкер Эднан Ыйлар аталган компаниянын логистикалык борборлорун жана гипермаркеттерин пайдаланып, Кыргызстандын товарларын Германияга алып келүү маселеси боюнча кыргызстандык ишкерлер менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар Кыргызстандын товарларынын Германия жана Евробиримдиктин рынокторуна чыгышына шарт түзүү максатында кызматташууну улантууга макулдашты.

КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх