Бишкекте "Кыргызстандагы Петербург жолугушуулары" өтөт
Филармонияда орусиялык "Морошка" тобунун концерти болот
2022-жылдын 4-9-ноябрында Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитети Бишкек шаары менен боордоштук мамилелердин алкагында “Кыргызстандагы Петербург жолугушуулары” комплекстүү иш-чара өткөрүүнү пландаштырууда.
4-ноябрда саат 10:30да иш-чаранын ачылышына карата Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинде пресс-конференция өтөт.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде “Ленинградды коргоо үчүн” аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот.
Анда «Трамвай фронтко барат» жана «Курчоонун футболу» деген даректүү фильмдер көрсөтүлөт. Кошумчалай кетсек, 4-ноябрда саат 18:30да Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын залында орусиялык “ Морошка ” тобунун концерти өткөрүлөт.
Мэрия Бишкек
Фото www