Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат чек арадагы жаңжалдан кийин Тажикстанда этникалык кыргыздар куугунтукталып жатканын айтты

Алар ТР кайтып келе алышпайт, себеби алар улуту кыргыздар. Ал эми Кыргыз Республикасына келе алышпайт, анткени башка өлкөнүн жарандары

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздарга маселени чечүү боюнча протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.

«Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздар куугунтукка алынган», - деди Айжигитов. - Кыргызстанда жакындары барлар биздин өлкөгө келип калды. Бирок көбү Орусияга кетүүгө аргасыз болушкан. Азыр этникалык кыргыздар көйгөйлөрүн чечип берүүнү суранууда.  Алар улуту кыргыздар болгондуктан Тажикстанга кайтып келе алышпайт. Ал эми Кыргызстанга келе алышпайт, анткени алар Тажикстандын жарандары. Мага алардын маселелерин чечүү үчүн протоколдук тапшырма берүүңүздөрдү суранам. Алардын кыргыз экенин, кыйын кырдаалга туш болгонун унутпашыбыз керек.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх