УКМК Сот департаментинин кызматкерлери менен жеке компаниялардын ортосундагы тил табышуу фактысын аныктады
Мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосун жүргүзүүдө аныкталган зыяндын орду толук толтурулат
УКМК сот системасына берилген санариптик жабдыктарды кымбаттатуу фактыларын аныктады.
2020-жылы мамлекеттик органдарды санариптештирүү боюнча мамлекеттик долбоорлордун алкагында республиканын сот тутумуна жалпы суммасы 42 миллион 835 миң 250 сомдон ашык жабдуулар сатылып алынганы аныкталган.
Ошону менен бирге, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында аталган мамлекеттик органдын жооптуу адамдары менен жеке компаниялардын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүп алуу фактылары аныкталган, алар жеке баюу максатында сатып алынган товарлардын иш жүзүндөгү баасын ашыра баалашкан.
Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө – 5 миллион 519 миң 170 сом зыян келтирилген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берилүүдө.
УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www