Таласта киши өлтүрүүгө шектелген адам асынып алды
Суицид милициянын убактылуу кармоочу жайында болгон
Киши өлтүрүүгө шектүү катары кармалган Талас шаарынын тургуну убактылуу кармоочу жайда өзүнүн футболкасына асынып алган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, милиция кызматкери өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калган.
Окуя болгон жерде тергөөчүлөр жана дарыгерлер текшерүү жүргүзүшкөн. Кошумча текшерүүлөр жана ички иликтөөлөр жүрүп жатат.
Ислам Жолдошов
Александр Канунников
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз