Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Кыргызкөмүр”: Бааны кармап туруу үчүн көмүр сатып алууга чектөө киргизилди

Ошол эле маалда мамлекеттик ишкана зарыл болсо катуу отунду кошумча сатып алса болорун түшүндүрдү

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы бүгүнтөн тарта Бишкектин тургундары көмүрдүн тоннасын 4 миң сомдон сатып ала тургандыгы тууралуу маалымат таратты. Ошол эле учурда чектөөлөр бар – ар бир үй-бүлөгө 2 тоннадан.

Vesti.kg сайтынын редакциясы аталган мамлекеттик ишкананын басма сөз катчысы Жийдегүл Зоотпековага чектөөлөрдүн себебин түшүндүрүү өтүнүчү менен кайрылды.

«Бүгүндөн баштап борбор калаанын тургундары көмүрдү 4 миң сомдон сатып ала алышат», - деп жооп берди ал. -Ар бир үй-бүлөгө 2 тоннадан берилет. Бул чектөөлөр бааларды төмөндөтүү үчүн, ошондой эле дилерлердин кийин кайра сатуу үчүн чоң көлөмдөгү көмүрдү сатып алышына жол бербөө үчүн киргизилүүдө. Ар кимдин көмүргө болгон муктаждыгы ар башка. Кышка эки тонна жетпесе, андан көп сатып алса болот. Базада көмүр бар, аны жеткирүү уланууда.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх