­
Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон 7 кылмыш ишинин баары токтотулду - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон 7 кылмыш ишинин баары токтотулду

Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы жетекчисинин тергөөчүлөргө дооматы жок

Экс-саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон бардык кылмыш иштери токтотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

- Алымкадыр Савирдиновичке карата 7 кылмыш иши козголгон, - деп эскертти адвокат. - Коррупция боюнча бирөө, пара талап кылуу боюнча экөө, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча төрт. Алардын баары токтотулган. Кардарыма келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу маселесине келсек, бул маселе талкууланган да эмес.

Алымкадыр Бейшеналиевдин өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев министр кызматынан бошотулгандан кийин Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык комплексинин директору болуп дайындалган.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх