Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Италиянын белгилүү бренддерин Кыргызстанга тартуу маселеси Неаполдо талкууланат

Ата мекендик өндүрүшчүлөр тигүү жана текстиль өнөр жайы, ошондой эле мода индустриясы боюнча италиялык тажрыйбаны үйрөнүшөт

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси менен “Легпром” Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын Ассоциациясынын көмөгү менен 2-ноябрдан 5-ноябрга чейин Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын жана мода индустриясынын, Экономикалык дипломатия департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Италиядагы элчилигинин өкүлдөрдүн катышуусунда Неаполь шаарында бизнес-миссиясы өтөт. .

Бизнес миссиясынын негизги максаты кийим тигүү жана текстиль өнөр жайы, ошондой эле мода индустриясы боюнча мыкты италиялык тажрыйбасын изилдөө болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө ата мекендик өндүрүшчүлөр бул жааттагы жаңы технологиялар менен таанышып, италиялык заманбап өндүрүштү, алардын стандарттарын жана автоматташтыруу менен таанышат. Ошондой эле кыргызстандык өндүрүшчүлөр италиялык белгилүү компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушат.

Мындан тышкары, бизнес-турдун алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү, анда биргелешкен кызматташуу маселелерин, анын ичинде белгилүү италиялык бренддерди Кыргызстандын рыногуна тартуу жана алар менен тиешелүү келишимдерди түзүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

КРнын ТИМ маалымат департаменти
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх