Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев айрым маалымат каражаттары парламенттин ишмердүүлүгүн бурмалап жазып жатышат деп эсептейт

Төрага маданият тармагынын кызматкерлерин да куттуктады

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынын төрага Нурланбек Шакиев маданият кызматкерлеринин куттуктоосу менен ачты.

- Бүгүн маданият кызматкерлеринин күнү, бул тармактын бардык кызматкерлерин куттуктайм, - деди Шакиев. - Ар бир элдин өзүнүн маданияты болот, маданиятсыз эл болбойт. Бардык маданият ишмерлерине улуттук каада-салттарыбызды жана баалуулуктарыбызды эл аралык аренада даңазалоо үчүн чыгармачылык чоң ийгиликтерди каалайм. Дагы бир жаңылык, 1-ноябрдан тарта парламенттик радио иштей баштады. ЖМК өкүлдөрү парламенттин ишмердүүлүгүн дайыма эле толук чагылдыра бербейт. Кээде алар маалыматты бурмалап  коюшат. Эми Кыргызстандын жарандары Жогорку Кеңештин жыйындарын толук жана бурмалоосуз угууга мүмкүнчүлүк алышат.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх