Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте эстеликтер жуулду (фото)

Эстеликтер өздөрүнүн баштапкы көрүнүшүн мүмкүн болушунча узакка сактоо үчүн аларга туура жана үзгүлтүксүз кам көрүү керек

“Тазалык” муниципалдык ишканасы шаарыбыздын тазалыгын сактоону улантып, борбор калааны санитардык тазалоо менен бирге көрктөндүрүү иштерин дагы күчөтүүдө.
Эстеликтер өздөрүнүн баштапкы көрүнүшүн мүмкүн болушунча узакка сактоо үчүн аларга туура жана үзгүлтүксүз кам көрүү керек.

                                                                                                                                   
Ошентип, бүгүн муниципалдык ишкананын кызматкерлери Уюштуруучулар аллеясындагы эстеликтерди жууп, ал үчүн жумушчулар жана 1 бирдик атайын техника тартылып, таң эртеден баштап аллеяда оңдоо иштерин жүргүзүштү.

Учурда шаардын тазалыгын камсыздоо үчүн санитардык тазалоо линиясына 623 дворник, 101 жүктөгүч жана 38 даана атайын техника тартылды.


Шаар линиясында катуу тиричилик таштандыларын чыгарууда 88 жүктөгүч жана 39 атайын техника иштеп жатат.

Урматтуу жарандар! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди шаарыбызды таза сактоого жана муниципалдык кызмат кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырат.

Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек шаарынын мэриясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх