Кытай Баткен облусунун жабыркаган тургундарына 100 миң доллар бөлөт
ТИМдин орун басары Азизбек Мадмаров Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту
Бир күн мурун, 2-ноябрда КР Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.
Жолугушууда Кытай тарап кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган Баткен районунун тургундары үчүн 100 миң доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам бөлүү чечими тууралуу маалымат берди.
Тараптар ошондой эле КЭР Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, КЭР тышкы иштер министри Ван Идин Кыргыз Республикасына сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз