Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Балбак Түлөбаев Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алды

"Жанылык киргизбесе жакшы болмок, эл жок дегенде нан менен калмак"

Депутат Балбак Түлөбаев Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алды. Пленардык жыйында парламентарий ведомство өз милдеттерин так аткарбай жатканын белгиледи.

«Быйыл Айыл чарба министрлиги кластерлерди өнүктүрүү үчүн акча алып, бирок алынып келинген буудайдын үрөндөрү түшүм берген жок. Эч кандай жанылык киргизбесе жакшы болмок, эл жок дегенде нан менен калмак. Анын үстүнө өскөн буудайдын сапаты начар, тегирмендер кабыл албай жатат, деп нааразы болушат айыл тургундары. Калктын ишенимине шек келтиргенди качан токтотобуз?», - деп нааразы болду парламентарий.


Ислам Жолдошев
Вероника Таранцева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх