Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков кызматынан бошотулду
Анын ордуна Жыргалбек Шамыралиев дайындалды
Олег Попиков Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри кызматынан бошотулду. Анын ордуна муниципалитеттин башчысынын кеңешчиси болуп иштеген Жыргалбек Шамыралиев дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров бир күн мурун кол койгон.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз