Бишкекте журналист Санрабия Сатыбалдиева кармалды
Укук коргоочунун айтымында, журналист кош бойлуу болгонуна карабай убактылуу кармоочу жайга киргизилген
Бишкекте журналист Санрабия Сатыбалдиева кармалды. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова социалдык тармак аркылуу билдирди.
«Журналист кош бойлуу, дарыгерлер боюнан түшүп калуу коркунучу тууралуу маалымкат беришкен. Бирок ал дагы эле 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалды. Аны менен бирге оператор Калыс Аширбеков да суракка чакырылган», — деп жазган ал.
Журналисттер эмнеге айыпталып жатканы азырынча белгисиз.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз