Футбол боюнча Азия Кубогу 2024. Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы (U20) ким менен беттешет?
Бир күн мурун Азия Кубогуна тандоонун 1-турунун оюндарына тайпадагы командалар үчүн чүчү кулак ташталды
Анын алдында 20 жашка чейинки кыздар арасында 2024-жылы өтүүчү Азия Кубогуна тандоонун 1-турунун оюндарына тайпадагы командалардын чүчүкулак ташталды.
Белгилей кетсек, Кыргызстан "С" тайпасындагы командаларды кабыл алууда. Бул тайпанын тандоо туру 2023-жылдын 4-12-мартында Бишкек шаарында өтөт. Кыргызстандын футбол боюнча аялдар курама командасы (U20) Ирак, Гуам жана Австралиянын атаандаштары менен беттешет.
6-мартта биздин команда биринчи беттешин Гуам командасы менен өткөрөт.
8-мартта Ирак - Кыргызстан беттешет.
10-март Австралия – Кыргызстан.
20 жашка чейинки кыздар арасындагы Азия Кубогунун финалдык турнири 2024-жылдын 3-16-мартында Өзбекстанда өтөт.
КФС
фото КФС