Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Салык кызматы ЦУМда 130дан ашык бутикти текшерди (фото)

Рейддин жүрүшүндө салыктарды төлөбөгөн фактылар аныкталган жок

Муниципалдык администрациянын буйругунун негизинде Свердлов районунун акимчилигинин адистери Мамлекеттик салык кызматынын райондук бөлүмүнүн инспекторлору менен биргеликте соода борборлорунда жана базарларда ишкердик субъекттерин салыктык каттоого жана салыктарды төлөөгө текшерүү максатында биргелешкен рейддерди өткөрүшүүдө.

Бул иш-чаралар жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу жана резервдерди аныктоо максатында жүргүзүлүүдө.

31-октябрдан 1-ноябрга чейин ЦУМ соода борборунун имаратында жайгашкан 130дан ашык бутик текшерилди.

Салыктарды төлөбөй коюу фактылары текшерүү учурунда аныкталган эмес, мыйзам бузуулар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлөт.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек шаарынын мэриясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх