Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК башкармалыгынын экс-төрагасы кармалды

УКМК ишканада өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кеткен коррупциялык схеманы аныктады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча кылмыш иши козголгон.

Акцияларынын 46,7%ы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тиешелүү болгон жана мамлекеттин менчиги болуп саналган аталган «МКК» ЖАКтын жетекчилиги жеке кызыкчылыкты көздөп, жеке баюу максатында жогорулатылган баалар боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүү схемасын уюштурган.

Тактап айтканда, 2021-жылдын декабрь айында «МКК» ЖАКтын жетекчилиги имаратты сатуу боюнча 106 000 000 сомго келишим түзгөн. Ошол эле учурда бул имарат техникалык жана квалификациялык талаптарга ылайык, ЖАК МКК муктаждыктарына жооп берген эмес жана талаптагыдай түрдө эксплуатациялоого жараксыз болгон.

2022-жылдын октябрь айында козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык, жогоруда аталган мүлктүн рыноктук баасы 48 184 512 сомду түзгөн.

Ошентип, ашыкча баалоонун жана мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 57 815 488 сомду түздү.

8-ноябрь күнү кылмышка шектелип «МКК» ЖАКтын башкармалыгынын мурдагы төрагасы 1977-жылы туулган А.У.С кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх