Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев 24 жылдан бери Казакстанда иштөөгө аргасыз болгон жигитти иш бөлмөсүндө кабыл алды (фото)

Ага КРнын улуттук паспортторун тариздөө жана берүү үчүн негиз болгон баштапкы документтер калыбына келтирилди

Бүгүн, 10-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ноокат районунун 1995-жылы туулган жараны Санжарбек Кадыровду өз иш бөлмөсүндө кабыл алды. Казакстан 24 жылдан бери өздүгүн тастыктаган документтери жок болгон.


Көрүлгөн чаралар менен Кадыровго Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) тариздөө жана берүү үчүн негиз болгон баштапкы документтер калыбына келтирилди. Кадыровду КР жаранынын паспорту менен документтештирүү маселеси президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө болчу.

Маалым болгондой, 20-октябрда Санжарбек Кадыров Кыргыз Республикасынын Президентине (Instagram социалдык сегментинде @tezkabar.official баракчасында) видео кайрылуу жолдоп, ага Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун документтештирүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. 

1998-жылы Кадыровдун ата-энеси ажырашып кетип, атасы 3 баласын Казакстанга айыл чарба жумуштарына алып кеткен. Казакстанда Кадыров документтеринин жоктугунан мектепке барбай, талаада айыл чарба иштери менен алектенип жүргөн.


2010-жылы үй-бүлөлүк пикир келишпестиктерден улам Кадыров үй-бүлөсүн таштап Алматыга келип, металл буюмдарын чыгаруучу цехтердин биринде иштеген. 2021-жылы Кадыровдун атасы коронавирустан каза болуп, сөөгү Алматы облусунун Кайнар айылында коюлган.

Кадыровдун айтымында, 2015-жылдан бери ал Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна бир нече жолу барган, бирок Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун документтештирүү аракеттеринин баары ата-энесинин жана алгачкы документтеринин жоктугунан Кыргыз Республикасынын паспортун берүү майнап чыккан эмес. 

УКМК басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх