Базар-Коргондун экс-мэрине кылмыш иши козголду
Мурдагы чиновник жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берген деп айыпталууда
Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Базар-Коргон шаарынын мэриясында жүргүзүлгөн текшерүүдө 2021-2022-жылдары жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталган.
Бул факты боюнча прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн жыйынтыгында Базар-Коргон шаарынын мурдагы мэри Т.И. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү жана 346-беренесинин 1-бөлүмүндө (кызматтык жасалмачылык) каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталган. Кылмыш иши Базар-Коргон райондук сотуна кароого жөнөтүлдү.
Учурда иш соттун кароосунда.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www