Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата ЮНИСЕФ Кыргыз футбол союзу жана Ош шаардык мэриясы менен биргеликте футбол фестивалын өткөрөт

Улуттук жаштар курама командасы  жолдоштук беттеш өткөрөт

Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата жана дүйнөлүк чемпионаттын алдында ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын футбол союзу жана Ош шаардык мэриясы менен биргеликте түштүк борбордо футбол фестивалын өткөрөт. Жолдоштук беттеште "Алай" ФК менен Кыргызстандын жаштар курама командасы беттешет. Беттештин алдында балдар үчүн ар кандай оюндар уюштурулат.


Иш-чара 12-ноябрда саат 14.00дөн 16.00гө чейин Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өтөт.

Иш-чаранын негизги максаты - майрамдык маанайды жаратып, балдардын өнүгүүсү жана психикалык саламаттыгы үчүн оюндун маанисин коомчулукка эскертип туруу.

Иш-чарага төмөнкүлөр катышууда:
▪ Кристин Жольм, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлү
▪ Венера Рыскулова, Ош шаарынын вице-мэри
▪ Кыргыз футбол союзу
▪ Ош облусунун Ноокат районунан 35 бала
▪ Ош шаарындагы мектептердин окуучулары

МААЛЫМАТ: Бүткүл дүйнөлүк балдар күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1954-жылы жарыяланган. Ал 20-ноябрда балдардын дүйнөлүк бир туугандык жана өз ара түшүнүшүү күнү катары белгиленип, дүйнө жүзүндөгү балдардын бакубаттуулугун камсыздоого багытталган иш-чараларга арналган. Кыргызстандагы ЮНИСЕФ бул күндү белгилөө жана балдардын укуктарын колдоо боюнча жыл сайын өтүүчү глобалдык кампанияга кошулат.

ФСК
сүрөт ФСК

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх