Кыргызстандын улуттук электр тармагы жетекчисинин биринчи орун басары электр тармактары алдыдагы кышка 100% даяр деп ишендирди
Асхат Бердиев электр жарыгын өчүрүү ТЭЦтеги ишке киргизүү иштерине байланыштуу экенин түшүндүрдү
Акыркы суткада Бишкектин бир катар райондорунда жана шаар четинде электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлдү. Биринчи суук болуп, жарык өчүүлөр башталды. Чыныгы суук жана кыш али алдыда. Бул калк арасында кооптонууну жаратты. Социалдык тармактарда айрым жарандар электр тармактары кышка тийиштүү деңгээлде даярдалбай калган деп шектенишкен.
Электр тармактары келерки кышка даярбы? Бул суроо менен Vesti.kgнин редакциясы комментарий алуу үчүн НЭСК ОАОнун башкы директорунун биринчи орун басары Асхат Бердиевге кайрылды.
«Биздин абоненттер кабатырланбасын», - деп ишендирди Бердиев. — Электр тармактарын келерки кышка карата зарыл пландуу даярдоону жургуздук. Биз 100% даярбыз деп толук ишенич менен айта алам. Электр энергиясынын өчүрүлүшү электр энергиясы өндүрүлгөн ТЭЦтеги ишке киргизүү иштерине байланыштуу. Албетте, кыштын келиши менен авариялык өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Маселен, кардын оордугунан бак-дарактардын бутактары электр зымдарын үзүп кетиши мүмкүн. Мындай учурларда биз мүмкүн болушунча тезирээк ишти кайра баштайбыз.
Ислам Жолдошов
сүрөт www