Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Унааны кайра жабдууда уруксат кагазын берүү үчүн акча талап кылган ИИМдин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды

Кызматкер пара менен кармалды

УКМК ИИМдин Тышкы чалгындоо кызматы менен биргеликте сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 3-ст. 9-ноябрь күнү КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен ИИМдин «Унаа» ММнын кызматкери кармалды.


Буга чейин УКМКга КР жараны “К.И.А.” кайрылган жазуу жүзүндөгү арыз менен. Ал унааны кайра жабдууда уруксат кагазын берүү үчүн акча талап кылган «Унаа» ММнын кызматкерине чара көрүүнү суранды.


9-ноябрда Кара-Балта шаарында акча каражатын алып жаткан учурда Жайыл-Панфилов атындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин адиси «Т.К.О.» пара менен кармалды.

Кармалган адам УКМКнын ИВС СИЗОсуна киргизилген. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, анын ичинде «Унаа» ММ кызматкери тарабынан акча талап кылуунун башка мүмкүн болгон фактыларын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх