Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оппозициянын кармалышы. Равшан Жеенбековдун жумушчусу үй камагына бошотулду

Нурлан Асанбеков 11 күн ачкачылык жарыялады

Массалык баш аламандыктарды уюштурган деп шектелген Нурлан Асанбеков үй камагына бошотулду. Мындай чечимди бүгүн Бишкек шаардык соту чыгарды.

Эске салсак, Асанбеков экс-депутат Равшан Жеенбековго үй куруучу болуп иштеген. Ал мурдагы депутат сыяктуу эле мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштеринин алкагында Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы чыккан оппозициячылардын катарында кармалган.

СИЗО-1де жүргөндө Нурлан Асанбеков ачкачылык жарыялаган. Нааразылык акциясы 11 күнгө созулду.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх