Тенгиз Бөлтүрүк келерки жылдын январына чейин камакта калтырылды
Бул тууралуу Октябрь райондук соту билдирди
Кумтөрдүн мурдагы тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүк 2023-жылдын январына чейин камакта. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Октябрь райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
-Соттун 2022-жылдын 4-ноябрындагы токтому менен сот Тенгиз Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-январына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды, деп билдирди ведомство.
Эске салсак, ишкананын мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип, анын кесепетинен мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилген.
Бөлтүрүктөн тышкары камсыздоо боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Джаналиева жана каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов камакка алынган. Мурдагы аткаруучу директор Канат Курмановго издөө жарыяланган.
Михаил Готфрид
Сүрөт www