Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте 7 жаңы жол чырак орнотулат

Мэрия светофор боло турган кесилиштердин тизмесин берди

Жөө жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугу үчүн жаңы светофорлор орнотулат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана  жол-транспорттук  инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаменти  7 жол чырак курууга тендер өткөрдү. Жол чырактар  төмөнкү кесилиштерге орнотулат:

- Л. Толстой көч., – М. Ауэзов көч;
- Профсоюзная көч.,– Бородина көч;
- И. Ахунбаев көч.,- К. Тыныстанов көч;
- Шералиев көч.,-Куюкова көч;
- Салиева көч.,-Буденный көч;
- Манас көч., -Кокчөтай көч;
- Сухэ-Батор көч., -7-Апрель көч.

Белгилей кетсек, жарандардын келип түшкөн кайрылууларынан улам, И.Ахунбаев жана К.Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан светофор объектисинде аудио коштоочу  аппарат (ЖБК) орнотулат.  

Жол чырактар 2022-жылдын ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүлүп, ишке киргизилет.

Белгилей кетсек, быйыл борбор калаага 31 жаңы светофор орнотулуп, жыл аягына чейин дагы 11 жол чырак орнотуу пландалууда.

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх