Бишкек мэри Кытайдын элчиси менен Кытайдан 120 автобус алып келүү маселесин талкуулады
Ошондой эле мэр чек арадан өтүүнү тездетүүгө жардам берүүнү суранды
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кытайдан Бишкекке 120 автобус алып келүү маселесин талкуулашты.
Кытайда COVID-19нын жайылышына каршы киргизилген чектөө чараларына байланыштуу борбордун мэри чек арадан өтүүнү тездетүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз