Париж-2024 жайкы Олимпиада оюндарынын расмий тумары жарыяланды
Уюштуруучулардын айтымында, кызыл фригия калпагы Франция Республикасынын эркиндигин билдирет
2024-жылы Франциянын Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарынын тумары белгилүү болду. Бул тууралуу Маданият министрлигине караштуу Спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Олимпиада жана Паралимпиадалык оюндардын уюштуруучулары мелдештин расмий тумары катары байыркы фригиялыктар менен якобиндик революционерлер кийген фригия баш кийимдерин тандап алышты.
Олимпиаданын негизги тумары катары тандалган калпактарга ак спорттук кроссовкалар, ал эми Паралимпиадалык оюндардын бири протез буту менен көрсөтүлгөн.
Уюштуруучулардын айтымында, кызыл фригия калпагы Франция Республикасынын эркиндигин билдирет.
Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин өтөт.
Сүрөт www