ЖККУнун саммитинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кырдаал талкууланды
Дмитрий Песков белгилегендей, уюм келишимге катышкан өлкөлөр ортосундагы чыр-чатакты жөнгө салууга ниеттенүүдө
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Еревандагы жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кырдаалга токтолушту. Бул тууралуу орусиялык басылмалар РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Кремлдин өкүлү ЖККУнун жалпысынан уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы чыр-чатактардан арылууга саясий эрки бар экенин эске салды. Анын айтымында, президенттер бул зарылчылыкты түшүнүшөт, бирок бул оор жумуш жана ал улана берет.
Эске сала кетсек, буга чейин Vesti.kg сайты бүгүн Садыр Жапаров Армениядагы иш сапарын аяктап, Кыргызстанга кайтып келгенин маалымдаган.
Сүрөт www