Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Вице-спикер: Элдик каада-салт жана улантуучулук ар бир улут үчүн өтө маанилүү

Жамиля Исаева белгилегендей, ансыз маданий көп түрдүүлүк болбойт

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева Ашхабадда онлайн форматта өтүп жаткан Борбор Азиядагы чебер  аялдардын эл аралык коомчулугунун ачылыш жыйынына катышты.

Бул иш-чарада сөз сүйлөгөн Жамиля Исаева ар бир этнос үчүн элдик каада-салт жана улантуучулук өзгөчө маанилүү экенин, ансыз маданий көп түрдүүлүк болбой турганын белгиледи.

«Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо Кыргызстандын маданий саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Муну мыйзамдык деңгээлде мурасты коргоо зарылдыгынын консолидациясы тастыктап турат. Албетте, элибиз эзелтен эле саймачылык менен алектенип келген. Ал эми биз Борбордук Азия өлкөлөрүнүн уз аялдарынын коомчулугуна кошулабыз жана өз ыктыярыбыз менен кошулабыз, анткени элдик чыгармачылык өнүккөн жана муундан муунга өтүшү керек. Ошол эле учурда тарыхка бай Борбордук Азия өлкөлөрүнүн да чыгармачылыгы менен таанышып, иш жүзүндө колдонууну каалайбыз», - деди Исаева.

Ал ошондой эле жолугушуунун катышуучуларына кыргыз элинин салттуу кол өнөрчүлүгү тууралуу кеңири айтып берди. Жамиля Исаева кийиз, токуу өнөрүн, оймо саймачылык өнөрүн, улуттук кийимдерди, килемдерди, булгаарыдан жасалган буюмдарды жасоону, зергерчиликти жана жыгачтан оймочулукту белгиледи.

Соңунда Жамиля Исаева катышуучуларга жемиштүү иш каалап, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын мындан ары да чыңдалышына ишеним билдирди.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү ЖК
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх