Бишкекте Элдик Курултай башталды
Курултай эки күнгө созулат, делегаттар өз аймагынын көйгөйлөрүн айтып, өз сунуштарын айта алышат
Бүгүн Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын имаратында өтүүчү Улуттук Курултай башталды. Жыйын эки күнгө созулуп, биринчи күнү бардык аймактардан келген 1074 делегат президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун угат.
Андан соң аткарылган иштер боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле бардык облус жетекчилери баяндама жасашат.
Экинчи күн ачык микрофон форматында өтүп, анда бардык кызыкдар делегаттар өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтып же сунуштарын айта алышат.
Эске салсак, Конституцияга ылайык, Курултай коомдук-өкүлчүлүк жыйыны болуп саналат, анын жүрүшүндө делегаттар өлкө турмушунун бардык тармактары боюнча сунуштарын айта алышат.
сүрөт www