Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук Курултайдын президиумунун төрагалыгына Кадыралы Кошалиев шайланды

Аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү белгилегендей, президиумдун шайланган мүчөлөрүнүн арасында бир дагы мамлекеттик кызматкер жок, баары карапайым адамдар

Бүгүн жалпы элдик курултайда 21 делегаттан турган Курултайдын президиуму добуш берүү менен шайланды. Жыйындын президиум мүчөлөрү бир добуштан Кадыралы Кошалиевди Курултайдын президиумунун төрагалыгына шайлашты.

Мындан тышкары, 7 облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан бирден президиумдун 9 орун басары шайланды. Жыйындын жооптуу катчысы болуп Чүй облусунан келген делегат Саламат Куандыков болду.

Аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү белгилегендей, президиумга шайланган мүчөлөрдүн арасында бир дагы мамлекеттик кызматкер жок, баары карапайым адамдар.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх