Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад облусунда алтын казган компаниянын мамлекетке келтирген зыяны аныкталды

Келтирилген зыяндын суммасы 20 миллион сомду түзөт

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад облусунун Жаратылыш ресурстары министрлигинин, экология жана техникалык көзөмөл жана алтын өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү облустук башкармалыгынын кызмат адамдарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүнүн «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Анын айтымында, Тогуз-Торо районунун аймагында уруксат кагаздары жана тийиштүү экологиялык паспорту жок алтын казып алуу менен алектенген компания экологиялык зыян үчүн тарифти жеңилдетилген өлчөмдө төлөп, анын натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

18-ноябрда издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, белгиленген тарифтин айырмасы аныкталган. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган 20 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх