Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров элди коррупционер туугандарды, жердештерди коргобоого чакырды

Президент ошондой эле Кыргызстан үчүн суунун булагында жашап туруп электр энергиясын импорттоо уят иш экенин айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, өлкөнүн Биринчи Элдик Курултайында кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Кадырлуу калайык-калк!

Жети дубандан шайланып келген ардактуу журт жакшылары!

Биринчи Элдик Курултайдын урматтуу катышуучулары!

Байыркы карт тарыхтын бүктөмдөрүндө изи жаткан, Алтайдан Ала-Тоого чейинки узак жолду басып өткөн, даңазасы урпактарын сыймыкка бөлөгөн ата-бабаларыбыздын түп мүдөөсү: “Улуттун уркун кылымдарга улаган, түркүгү бекем мамлекет куруу” болгондугун эс тутумубуздан чыгарбай, биз, Манас атанын бүгүнкү урпактары, ушундай ыйык ураанды жана келечек муун алдындагы улуу жоопкерчилигибизди сезип-туюп, бүгүнкү улуу ишти баштап олтурабыз!

Мурас калган өлбөс-өчпөс бул идея элибиздин тарыхын да, тагдырын да чагылдырган улуу “Манас” дастанынын ар бир сабында, ар бир ыргагында күүсүнөн жанбай жаңырып турат. Ата-бабаларыбыз эл-журтту башкаруунун өзөгү биримдикте, калыстыкта деп билген. Ошол бабалар доорунан мурасталган эл-журтту башкаруунун ары адилеттүү, ары салттуу жана нарктуу институту – бул Курултай.

Бүгүнкү күнү Курултай элибиздин тарыхый мурасына төп келген коомдук-саясий институт катары жаңы Конституциябыз аркылуу өз макамына ээ болду. Баш мыйзамдын талабын жана элдин тилегин эске алып, “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштоо менен бирге, Биринчи Элдик Курултайды чакыруу боюнча Жарлыкты жарыялап, тарых алдындагы өз озуйпамды аткаруу мен үчүн чоң сыймык!

Тарыхка саресеп салсак, калкыбыздын элдик жыйын аркылуу мамлекет куруп, келечекти аныктаган учурлары оголе көп кездешет. Маселен, биздин заманга чейинки X кылымда эле кытай булактарында эскерилген Кыргыз дөөлөтү, биздин доорго чейинки III кылымда хуннулар менен таймашкан мамлекетибиз, Барсбек каган жана анын жолун жолдоочулар башында турган, 840-жылдан тарта “Улуу кыргыз дөөлөтү” атагына ээ болгон каганатыбыздан тартып, берегидеги Мухаммед Кыргыздын, Ормон хан Ниязбек уулунун тушундагы мамлекеттик түзүлүштөргө чейинки тажрыйбабыздын топтолушуна биз сөз кылып жаткан Элдик Курултай негиз болуп берген!

Байыркы көчмөн элдердин жашоо-турмушунда Элдик Курултай мамлекеттүүлүктү, мамлекеттик башкарууну аныктоо, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздоо менен феноменалдык деңгээлге көтөрүлгөн. Биздин ата-бабалар ушул курултай институту аркылуу эл менен бийликти байланыштырып, элди бийликтин чыныгы ээсине айланткан. Андыктан биз анын байыркы уңгусун бузбай, ошол эле маалда заман талабына ылайыктап, калкыбызды олуттуу чечимдерди кабыл алуу иштерине кеңири катыштырууну көздөп жатабыз. Бүгүнкү Биринчи Элдик Курултайыбыз дагы элибиздин, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнүн жолдорун издеген, жалпы калк акылдашып-кеңеше турган Улуттук Улуу Жыйын десем жаңылышпаймын.

Демек, Элдик Курултай институту кыргыз мамлекетин жана коомун чыңдоого, туруктуу өнүгүүсүн колдоого, жашоонун сапатын жакшыртууга, улуттук кызыкчылыктардын айланасында коомду бириктирүүгө көмөктөшөт. Кыргызстан элин түзгөн коомчулуктардын пикирлешүүсүн жүзөгө ашыруу максатын көздөгөн Элдик Курултай институту өтө орчундуу жана маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда кеңири коомчулуктун макулдашылган позициясын, чечимдерин карап, жаңы идеяларын өлкө жетекчилигине сунуштайт.

Урматтуу Биринчи Элдик Курултайдын делегаттары!

Кадырлуу меймандар!

Конституциябызда Кыргыз Республикасынын Президенти жыл сайын Элдик Курултай алдында өлкөдөгү абал, ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары жөнүндө жылдык кайрылуу жасайт деп белгиленген. Сиздер эки жылдан бери өлкө жетекчилиги тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу кең-кесири маалыматты жогорудагы видеороликтен көрдүңүздөр. Эми аны улай, олуттуу иш-аракеттерибизге учкай токтолуп кетүүгө уруксат этиңиздер.

Элдин турмушун жакшыртууга, мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган ар бир кадам мамлекеттик бюджетке барып такалгандыктан, биз бийликке келгенден тарта өлкө казынасынын каржысын көбөйтүүгө бар күч-аракетибизди жумшап келебиз. Ошондуктан фискалдык саясатты күчөтүп, кирешелерди көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүнүн жолун издедик. Жыйынтыгында, 2020-жылдагы консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчтөрү 248 миллард сомду түзсө, 2021-жылдын жыйынтыгында ал эч бир кошумча салык киргизбестен, салыктардын төлөмдөрүн жогорулатпастан, тескерисинче, кээ бир салыктын түрлөрүн жоюп, 313,0 миллиард сомго жетти. Буга чейин айтып келгенибиздей, быйыл бул көрсөткүчтү 400,0 миллард сомго, кийинки жылы 500,0 миллард сомдон ашырууну өжөрлүк менен көздөп турабыз. Бул – мурда коррупциялык жолдор менен кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп турган каражаттарды бюджетке буруу деген сөз. Кудай буюрса, биз бул максатыбызды да жүзөгө ашырабыз.

Мындай караганда, аталган сандар кургак миллиарддарды көрсөткөнү менен, ар бир сомдун аркасында адам тагдыры, мамлекеттин келечеги турганын түшүнүп жатасыздар. Өлкө казынасынын кирешесин арттыруунун натыйжасында 2020-жылдын октябрынан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 193 социалдык объекттин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен бүткөрүлдү. Кайрымдуулук фонддорунун, облустук өнүктүрүү фонддорунун, донорлордун каржылоосунун негизинде дагы бир топ социалдык обьекттер курулуп, ишке киргизилди. Миллиарддаган каражаттарды көп жылдар бою көтөрүлбөй калган айлык маяналарды, пенсияларды, жөлөк пулдарды көтөрүүгө, мектептерди, соцобъекттерди курууга жана аскердик коргонуу тармагына жумшап жатабыз. Ансыз болбойт эле.

Мындай миллиарддарды бир сому эки сом кайтарым бере турган ишкана-заводдорду, фабрикаларды курууга, ири бизнес-логистикалык борборлорду ачууга, жумушчу орундарды түзүүгө жумшасак деле болмок. Бирок дүйнөлүк экономикалык кризис тооруп, баалар кымбаттап, жашоо-турмуш оорлоп турган мезгилде антсек, элибизди мүңкүрөтүп алмакпыз.

Нечендеген бизнес-пландарыбыз даяр, буюрса ал тилектерибизге да жетишебиз. Президенттик кызматка киришкенден тартып, белгилүү бир кыйынчылыктарга карабастан, саясий өңүттөгү стратегиялык өнөктөштөрүбүз, тарапташтарыбыз жана дос өлкөлөр менен кызматташууну жолго коюуда мамлекеттик кызыкчылыктардын сакталышына жетиштик.

Сырткы алака-катышыбызды жакшырткандан тышкары, эл аралык иш-чараларга жигердүү катышуу аркылуу дүйнөлүк коомчулуктун, эл аралык донорлордун, каржы институттарынын көңүлүн Кыргызстанга бурууда бир топ алгылыктуу иштер жасалды. Өлкөбүздүн тышкы байланыштары жөнгө салынып, бюджетибизди арттырууга багытталган мээнетибиздин акыбети кайтып, натыйжада негизги тармактарда ийгиликтер жаралды. Эми алардын орчундууларына азыноолак токтолуп өтөйүн.

Биринчиден, бүгүнкү күндө “Жеримдин суусу – дары, таштары – алтын” деп ар бир кыргыз жараны Кыргызстандын ажайып жаратылышы менен сыймыктанып, кен байлыктары менен мактанып келет. Ошол эле маалда: “мактанган кен байлыктарыбызды канткен күндө өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн иштетебиз” деген суроо ар бирибиздин оюбузда турат.

Элибиздин минтип санааркап түйшөлүүсү жөндүү! Коррупциянын айынан башка өлкөнүн экономикасын байытууга кызмат кылып келген “Кумтөр” сыяктуу алтын кенибизди өзүбүзгө кайтарып алууга канчалаган эр-азаматтар башын сайып, татаал тагдырларга кайыл болуп, өмүрлөрүн арнашты эле. Кудайга шүгүр дейли, кеч болсо да Ата Журтубуздун билими терең, ак-караны ажырата билген, дили таза, бир нече тилде эркин сүйлөгөн уул-кыздарынан топтолгон команданын талыкпаган эмгегинин аркасында, элибиздин ири кен байлыгын Кыргызстандын өз ээлигине кайтарып алдык.

Мындан ары эң маанилүү болгон кен-байлыктарыбыз Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн, мамлекет үчүн иштейт. Ачыла элек, иштетиле элек кен-байлыктарыбызды, буюрса, мамлекет өзү иштетет. Албетте, алардан түшкөн кирешелер элдин кызыкчылыгына, мамлекеттин экономикасынын көтөрүлүшүнө, стратегиялык багыттарга жумшалат. Кен байлыктарыбызды иштетүүдө, сөзсүз түрдө мамлекеттин үлүшү болушун шарттаган, ченемдик укуктук актылар кабыл алынды. Мындан ары элдин энчисине айланган, мамлекеттин менчиги болгон кен байлыктарды башкаруу толугу менен катуу көзөмөлдө болот.

Ошол эле учурда, өлкө экономикасын алга жылдырууга өбөлгө боло турган кен байлыктарды иштетүүдө инвесторлорго шарт түзүү, инвестиция тартуу маселелерине олуттуу көңүл бурулууда. Биз келечекте күчтүү, өнүккөн мамлекет болобуз десек, өлкөдөгү бардык ири кен байлыктарды мамлекеттин кызыкчылыгына иштетип, ошону менен бирге эле жергиликтүү элдин суроо-талаптарын да орундатуубуз зарыл. Ошондо элибиздин талабын орундаткан болобуз, ошондо нааразычылыктар жаралбайт, жаркын келечекке үмүт, ишеним пайда болот!

Урматтуу делегаттар, сиздердин көбүңүздөргө бул проблема тааныш. Ошондуктан мындан аркы ушундай иштерди кеңешип-акылдашып, биргелешип аракет кылууга, өз ойлоруңуздарды айтууга чакырат элем.

Экинчиден, суу башында туруп электрэнергиясын импорттоо – биз үчүн уят иш, бетке чиркөө көрүнүш. Биз Кудай берген ырыскыбызды – Кыргызстандагы электр кубатын өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн туура пайдаланып, элибиздин башкы байлыгына айландырууга милдеттүүбүз.

«Эл башы болгуча ‒ суу башы бол!» деген экен даанышман аталарыбыз. Экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу иштерин баштадык. Кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушунун башталышы – өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жасалган чоң кадам. Кудай буюрса, аны да буюрган күнү толук бүтүрүп, ишке беребиз.

Ошону менен бирге, бир нече чакан ГЭСтердин курулуштарын баштадык. Айрымдары жакынкы мезгилде ишке киргизилүүнүн алдында турат. Биз өлкөнү электр кризисинен толук чыгарып, сырттан электр энергиясын сатып албай, тескерисинче, электр кубатын сыртка экспорттогон алдыңкы өлкөгө айланабыз деген аруу тилегибиз бар.

“Камбар-Ата-1” ГЭСи биздин мамлекет үчүн өтө маанилүү стратегиялык долбоор! Келечекте ушундай эле чоң-чоң стратегиялык ГЭСтерди куруу пландарыбыз да бар. Ага биздин табиятыбыздан берилген мүмкүнчүлүк жол берет.

Үчүнчүдөн, биз эгемендик алган алгачкы жылдардан бери эле сөз болуп, бирок айрым бир саясий кызыкчылыктардын каршылыгынан улам чечилбей келаткан маселе – деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, мамлекетибизди “туюктагы мамлекет” деген аттан арылтуучу “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу келишимине жетишип, ишти ыкчам баштадык. Бүгүнкү күндө Кытайдан инженер-адистер келип, Нарын, Жалал-Абад облустарында изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бул жол мамлекет үчүн келечекте ири кирешелердин агылып келишине жана сырттан инвестициялардын тартылышына кеңири шарт түзөт.

Төртүнчүдөн, темир жол курулушуна, ГЭСтерибизди курууга, өлкөдөгү бардык курулуштарга сырттан темир сатып албай, өз темир кендерибизди пайдаланууну көздөп жатабыз. Себеби бүгүнкү күндө темир сатып алууга жылына бир нече миллион доллар жумшайт экенбиз. Ушундай каражатка өзүбүзгө заманбап темир иштете турган завод куруп алсак, өлкөбүздөн ири каражаттын сыртка агып чыгып кетишин токтотуп эле калбастан, темирди экспорттоо менен мамлекетибиздин казынасына олуттуу киреше киргизебиз. Элибиздин жашоо турмушунун тез жакшырышына жол ачабыз. Тарыхта кыргыз эли байыркы замандарда эле темирди мыкты иштеткен эл катары даңазаланган. Каныбызда бар мындай өнөрдү кайра жаратууга эмнеге болбосун!

Бешинчиден, дүйнөлүк жаңы санарип жана нанотехнологиянын агымына жигердүү аралашууга басым жасап жатабыз. Биз өз өлкөсү үчүн эмгектене турган, дүйнөлүк рынокто атаандаштык жарата алган күчтүү программисттерди даярдоо боюнча жаңы улуттук программаны кабыл алуунун алдында турабыз. Жакынкы жылдары миңдеген программисттерди даярдап чыгарууга жетишсек, бүгүнкү күндө сыртта иштеп жүргөн мекендештердин өлкөгө которгон каражаттарынан да көп киреше кирерине жол ачылат. Муну менен катар дүйнөнүн булуң-бурчунда санарип жана нанотехнология жаатындагы атактуу компанияларда иштеген эр-азаматтарыбыздын өз Ата Мекенине пайда келтирсем деген ой-максаттарынын ишке ашуусуна шарт түзүп, көмөк көрсөтсөк, өз өлкөсүндө иштөөгө өбөлгө болуп берсек деген да планыбыз бар.

Алтынчыдан, эгемендүүлүк жылдарында билим берүү жаатында да олуттуу кемчиликтер кетирилгенин жакшы билебиз. Чынында өлкөбүздүн бүгүнкүсүнө да, келечекте өнүгүшүнө да билим берүү, илим тармагынын маанилүү роль ойнооруна тиешелүү көңүл бура албай келгенбиз.

Соңку эл аралык иликтөөлөр боюнча Кыргызстандын орто мектептериндеги билим берүүнүн сапаты абдан төмөндөп кеткенин аныкташкан. Мунун бир канча орчундуу себептери бар. Анын башкы себеби мугалимдердин макамынын болуп көрбөгөндөй төмөндөп кетишинде. Анткени мыкты, билимдүү мугалим гана окуучуларга мыкты билим берет. Эгер биз мугалимдерге жогорку айлык маяна чектөө менен аларга болгон мамилени өзгөртпөсөк, анда өз ишин мыкты билген адистер мугалимдикке барышпайт.

Өзүңүздөр күбө болгондой, билим берүүнүн стандарттары кайрадан каралып чыкты. Жарлыктын негизинде мектеп директорлорун ротациялоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, жакшы натыйжаларын бере баштады.

Каржы булактары табылып, мугалимдердин эмгек акылары эселеп көтөрүлдү. Мектептерде мугалим болуп иштөөнү каалагандар көбөйүп, мугалимдер эми жигердүү иштей башташты.

Мугалимдерге болгон мамиле дагы күчөтүлөт.

Кезекте мектептердин окуу программаларын дүйнөлүк стандарттарга чыгаруу менен тиешелүү окуу куралдарын жаңыртуу, билим берүү тармагын толук компьютерлер менен камсыз кылууну колго алдык.

Урматтуу делегаттар!

Жыйындын катышуучулары!

Жасалып жаткан иштер билим берүүнүн сапатын арттырууга болгон алгачкы кадамдар экенин эске алып, Курултайда Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган, Мекенин сүйгөн, терең билимге, таалим-тарбияга сугарылган, адеп-ахлактуу жаштарды окутуп чыгаруу темпин тездетүү жолдорун бүгүн сиздер да талкууга алып, сунуштарыңыздарды берсеңиздер.

Деги эле жаштарга болгон мамлекеттик мамилени түп-тамырынан тарта кайра карап чыгууну ойлонуштуруудабыз. “Жаштар – биздин келечегибиз” деген сөздү көп айтабыз, бирок жаштарга туура багыт көрсөтүп, келечекке болгон көз карашын, мамлекеттик кызыкчылык, улуттук кызыкчылык дегенди айырмалай билүүсүн, коомду кабыл алуусун калыптандырууда, жаштарга камкордук көрүүдө кайдыгерлике жол берип коюп жатабыз.

Мындан ары маселенин ушул жагына терең маани берүү аракетин көрүүдөбүз. Сиздерден да ушул багыттагы ойлоруңуздарды ортого салууну суранат элем.

Ошону менен бирге бүгүнкү замандын реалдуулук шартында илимдин, техниканын жана инновациянын өнүгүү деңгээли коомдун өнүгүүсүнүн негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Муну эске алуу менен мамлекет, биринчи кезекте, илим багытын өнүктүрүү үчүн жаңыча ыкмаларды иштеп чыгуу процессин жана илимди түздөн-түз жашообузда пайдаланууну ишке ашыра турган ынанымдуу далилденген багыттарга өзгөчө көңүл бурат.

Биз өлкөдө болгон инновациялык мүмкүнчүлүктөр өндүрүштүн керектөөлөрүнө дал келбесе, илим менен өндүрүштүн байланышынын үзүлүшүнө алып келерин унутпашыбыз кажет.

Бул өтө маанилүү жагдай!

Буга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлык чыккан. Муну менен өлкөнүн 5 университети кеңири уюштуруучулук, каржылык, академиялык автономияны камсыз кылууну караган өзгөчө макамга ээ болушту. Эми ал университеттер инновациялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү илимий борборлорго айланат.

Жетинчиден, кайсы гана кубаттуу мамлекетти албайлы, ал мамлекеттин өзөгүн түзгөн таянган тоосу, байланар мамысы болуп күчтүү улут турганын көрөбүз. Ар тараптан өсүп жетиккен күчтүү улуту менен мамлекет кубаттанып, ар кандай соккуларга солк этпей бекем турат.

Биз 3000 жылдан ашкан тарыхта атыбыз сакталып келе жаткан улуу элбиз. Мезгилдин катаал жүрүшүндө керек болсо бирдиктүү мамлекетибизден айрылган кыйын кезеңдер да башыбыздан өткөн. Бирок ошол 3000 жылдык карт тарыхты басып өткөн улуу кыргыз элинин ыйык туткан рухий баалуулуктары, карманган нарк-насилдери, тили менен маданияты, улутубузду мезгилдин бороонунан жок кылбай сактап келди!

Бүгүнкү күндө улуттук нарк-насил, баалуулуктар менен жаңы технология, экономикалык реформалар айкалышканда гана өлкөдө өнүгүү болооруна, күчтүү улут түптөлөрүнө азыркы жапон, кытай, корей эли айдан ачык далил болуп берет!

Кудайга шүгүр, биз жогоруда айткандай, ата-бабаларыбыздан бизге дагы бай мурас, каада-салт, нарк-насил калган. Болгону биз аларды мезгилдин талабына жараша кайра иштеп чыгып, туура пайдаланып, туура багыттай билишибиз абзел!

Урматтуу делегаттар!

Жыйындын катышуучулары!

Руханий баалуулуктарыбызды, нарк-насилдерибизди, улуттук жүзүбүздү бүгүнкү глобалдашуунун оор мезгилинде бузбай сактап калуунун жолдорун талкуулап, сиздер менен биргеликте кеңешсек дейт элем! Мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнө, улуттун улут болуп сакталып калышына эне тилдин орду өзгөчө экени сүйлөнгөн сөздөр менен жасалган баяндамаларда, талкууларда эле айтылып кагазда калып, иш жүзүндө ага тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай келе жаткандыгы да ачуу чындык!

Биз бул багытта сөз кылып, ооз учу менен эле айтканыбыз менен аларды кеңири жайылтуу иштеринде чечилбеген маселелер абдан көп.

Эне тилибиз өз ордун табышы үчүн мамлекеттик тил саясатын жүргүзгөн Мамлекеттик тил комиссиясынын ыйгарым укуктарын кеңейтип, мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында “Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия” деп кайра атоо боюнча Жарлык кабыл алдык.

Алдыбызда кыргыз жарандары кыргыз тилинде эркин сүйлөй алгандай, жаза алгандай, ойлоно алгандай кылып, чыныгы мамлекеттик тилге айлантуу милдети турат! Бул үчүн кандайдыр бир деӊгээлде ички зарылдыктын болушу шарт, ансыз тилибиз өз макамына толук ээ боло албайт.

Мамлекетибизде жашаган башка этникалык улуттардан турган жарандарыбыздын мамлекеттик тилди өз каалоолору менен өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүн түзүү да – орчундуу маселе.

Бүгүн сиздер менен ушул маселени сөз кылууну да унутпайлы.

Эми дагы бир маанилүү тармак – маданият тармагына келсек. Кыргыз эли – байыртадан материалдык байлыкка караганда, ар дайым руханий байлыкты жогору коюп, кастарлап, туу тутуп келген эл!

Соӊку жылдарда интеллектуалдык элитанын төрүн олигархтар ээлеп, руханий байлыкты туу тутуп алып жүрүүчүлөр улагада калганын кантип танабыз! Бул кашкайган чындык!

Айрыкча нарк-насилди алып жүргөн маданият өкүлдөрү моралдык жактан да, материалдык жактан да чөгүп кеткени жашыруун эмес. Мына ошондон улам, “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыкты кабыл алып, аны ишке ашырып аткаруунун концепциясын да иштеп чыгып, кабыл алдык. Анын ырааттуу уландысы катары “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлык чыкканын да билесиздер.

Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан Кыргызстанда искусствону жана маданиятты сактап, андан ары өнүктүрүүгө зор салым кошуп келе жаткан бул тармактын кызматкерлеринин эмгек маянасы 100 пайызга чейин көтөрүлүп, өзгөчө көңүл бурулууда.

“Манас” эпосу – байыркы кыргыз рухунун туу чокусу” - деп Чыңгыз агабыз айткандай, маданияттын башатында турган “Манас” эпосун кеңири жайылтуу максатында манасчыларыбызды мамлекет камкордукка алып, алардын башын бириктирип, өнөрүн тааныта турган „Манас“ театрын ачууга жетиштик.

Ошону менен бирге эле “Манас” эпосунун үчилтигин жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармалык мурасын иликтөө жана изилдөө үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлык кабыл алдык. Анткени атагы дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз Айтматовдой жана да кыргыз элинин баа жеткис руханий байлыгына айланган чыгармалары менен белгилүү нечендеген жазуучуларыбыз, кино ишмерлерибиз, сүрөтчүлөрүбүз, дүйнөлүк деңгээлдеги композиторлорубуз, архитекторлорубуз бар экендиги менен сыймыктанабыз.

Ушул жерден ачуу чындыкты да айта кетели. Кийинки жылдарда мамлекет тарабынан чыгармачыл чөйрөгө жеткиликтүү көңүл бурулбай калганын моюнубузга алабыз. Бул кемчиликти жоюш үчүн астыда чукул аракеттер башталмакчы. Чыгармачыл инсандарга тиешелүү шарт түзүп, камкордукка алуу мамлекеттин негизги багыттарынын бири болмокчу. Маданият бул мамлекеттин, улуттун биримдиги, түпкү өзөгү жана тамыры экенин аңдап түшүнүү менен элибиздин руханий ишкер-жарчыларына кам көрүүнүн тиешелүү программасы иштелип чыкмакчы.

Антип чыгармачыл инсандарга шарт түзүп, камкордукка алып, мыкты чыгармаларды жазууга шарт түзүп бербесек, руханий жардылыктан суурулуп чыга албайбыз. Ансыз да улуттук баалуулуктар алмашып, учурунда элибиз бекем карманып келген нарк, салт, адеп-абийир, аларды алып жүрүүчү институттар чекесинен жок болуп бара жатканына баарыбыз күбө болуп жатабыз. Аксакалдар, үй-бүлө, ата-эне жана башка таалим-тарбияны табигый жол менен берип келген бардык нарк институттары бүгүнкү күндө чоң коркунучта!

Билгенге, түшүнгөнгө, аңдаганга бул – чоң коңгуроо жана чоң эскертүү!

Сиздерди да бүгүнкү улуу жыйында улуу руханий, маданий баалуулуктарды кантип калыбына келтиребиз, дал ушул маселелерге көңүл буруп, ой калчоого чакыраар элем!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Калайык-калкыбыздын атынан келген кадырлуу мекендештер!

Жер жүзүн каптаган КОВИД-19 пандемиясы, андан кийинки саясий окуялар дүйнө өлкөлөрүнүн экономикасына, коопсуздугуна бир топ терс таасирин тийгизип, күтүүсүз өзгөрүүлөр, чукул бурулуштар болуп жатканына баарыбыз күбөбүз. Дээрлик бардык мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга да жаңы коркунучтар, жаңы көйгөйлөр жаралды.

Алардын бири – коопсуздук маселеси.

Мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч жараткан соӊку окуялар ар бир кыргызстандыкты санаага салып, кабатырлантып келет. Ачыгын айтсак кагылышууларда кан төгүлүп, чек арачылар менен жергиликтүү тургундардын кырчындай өмүрлөрү кыйылган бул каргашалуу окуялардын башкы себеби – чек ара тилкелеринин толук чечилбей, узакка созулуп келишинен болду.

Бүгүнкү күндө 3 коңшу өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Ал эми коңшу Тажикстан менен чек араны чечүүгө олуттуу киришип, анын ыкчам чечилишине болгон аракетибизди жумшап жатабыз.

Биз кыргыздын бир укум жери үчүн өмүрүн аябаган эр-азаматтарыбыздын эрдигин эч качан унутпайбыз!

Бийликтен бийликке өтүп, чечилбеген чоң көйгөй болуп бизге жеткен чек ара маселесин кийинки муундун өкүлдөрүнө калтырбай, кандай кыйынчылыктар жаралса дагы, чечип берүүнү эң башкы максатыбыз деп кириштик! Себеби, бир карыш жер үчүн куралдуу кагылыштар чыгып, канчалаган күлгүндөй өмүрлөрдүн жайрашына, канчалаган ата-энелердин медер тутуп, тирек кылган уулдарынан ажырап, кан жутуп калышына мындан ары жол берилбеши керек! Эң башкысы – ата-бабалардан мурас калган кутман жерибизди урпактарга толук сактап, ушул бойдон өткөрүп берүү – негизги милдетибиз!

Кемпир-Абад маселеси боюнча ар бир аракетибиз мамлекеттин кызыкчылыгына багытталып жатканын жергиликтүү элге дагы, республикалык деңгээлдеги аттуу-баштуу адамдарга, чек аранын чечилишине күмөн санаган мекендештерибизге дагы ийне-жибине чейин чечмелеп түшүндүрүп бердик. Чек ара маселеси эки жол менен гана чечилет: бири – тынчтык жолу менен сүйлөшүп, тил табышып, алмашуу жолу, экинчиси – согушуп жеңип алуу. Бул дүйнө жүзүндө тээ байыртан бери келаткан кеңири тараган ыкма.Чек араны чечүүдө Кыргызстан демократиялуу, укуктук мамлекет катары ар дайым тынчтык жолу менен чечүү позициясында бекем туруп келет жана мындан ары дагы дал ушундай позицияны карманат. Ал эми бул көйгөйдүн чындап бир жаңсыл болуп чечилишине каршы болуп, Кемпир-Абадды бетке кармап, маалыматтарды, фактыларды, чындыкты бурмалап, элдин аялуу сезимине ойноо менен жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөп, өлкөдө туруксуз абалды жаратып, коомчулукту ары-бери чайкоого ниеттенгендердин аракеттери ишке ашкан жок. Мени эл арасында чек аранын биздин пайдабызга чечилип жатканын көрө алган, түшүнө алган, салмактуу ой жүгүртө билген, сабаттуу, билимдүү жарандарыбыздын көп экендиги кубандырды! “Чубактын кунундай” чубалжытпай, дагы канча кагылыштарга себеп кылбай, чек ара маселесин биротоло чечүүнү колдоп берген эл-журтубузга дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирем!

Бүгүнкү күндө коопсуздукка байланыштуу азыркы заманбап чакырыктар коргонуу чараларыбызды күчтөндүрүүнү талап кылып жатканын жакшы билесиздер. Өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо максатында Коргоо министрлиги кайра түзүлүп, армиябыз күчтөнүүдө. Ага жараша биздин аскерлерибизге, коргонуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруп, ар тараптан күчтөндүрүү аракеттерибизге күбө болуп жатасыздар. Мен кызматка келгенде, брондолгон аскер техникаларыбыз жок болсо, бүгүн дал ушул коопсуздук маселесине республикалык бюджеттен болуп көрбөгөндөй каражат бөлүп, “Тигр” маркасындагы атайын бронетехникалар, оор жүк ташуучу аскердик унаалар, “Байрактар-ТБ2”, “Акынжы”, “Аксунгур” сокку уруучу учкучсуз учуучу аппараттарын; курал-жарактын жана аскердик техникалардын заманбап түрлөрүн сатып алдык. Өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактоо, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, чек ара тилкелерин тактоо маселелеринде сиздердин бийликке болгон ишенимиңиздер бекем болушу керек!

Мындан сырткары, ар бир уул-кызыбыздын Мекенди сүйүү, аны коргоо деген ыйык милдетти ар дайым жүрөгүндө сактап алып жүрүү аң-сезимин бала кезинен калыптандыруу багытында иштерди жолго коюу пландарыбыз бар. Коргонуу, коопсуздук, аскердик милдет өтөө маселелерин жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүү учурдун талабын эске алуу менен аскердик саясатты өркүндөтүү иштерин колго алышыбыз зарыл! Мекенге ак дилден кызмат кылуу ар бир жараныбыз үчүн жогорку сыймыкка айлангыдай болушу керек.

Бүгүнкү дүйнөдө болуп жаткан абалды көрүп турасыздар. Кырдаал оор. Ошондуктан бул өтө маанилүү иштердин бири! Учурда дүйнө жүзүндө экологиялык коопсуздукка катуу басым жасап, экология жаатындагы көйгөйлөргө коңгуроо туш-тараптан кагылып келет. Дүйнө жүзүнүн бир бөлүгү болгон Кыргызстанда дагы олуттуу көйгөйлөрдүн бири – экологиялык коопсуздук.

Жети дубан жергебиздин кайсы гана жерин албайлы, ажайып кооз жаратылышка ээ экенин биз эле эмес, өлкөбүзгө келген туристтер да тастыктап келишүүдө. Кыргызстан эли – эзелтен эле табият менен камыр-жумур жашап, ар бир ташынан тарта токой-черине чейин аяр мамиле жасап келген өзгөчө калкпыз. Мындай улуттук өзгөчөлүк бизге атадан балага, муундан муунга салт, нарк, мурас катары калган.

Бүгүнкү жандуу жаратылышыбыз дагы бизге ата-бабалардан калган кунсуз мурас, таберик экенин эгерим унутпашыбыз керек. Ата мурастарына ээ болуп, тартуу кылган таберигине аяр мамиле кылуу максатында Кыргызстан БУУга бир топ сунуштар менен чыгып,
2022-жылды “Тоолорду коргоо жылы” – деп жарыялап, анын алкагында “Жашыл мурас” өңдүү жаратылышты коргоо жаатында бир топ иш-аракеттер жасалды. Эгер тактап айтсак, дүйнөдөгү прогрессивдүү адамзат кайрадан табиятка болгон мамилесин кескин өзгөртүү аракетин көрүүдө.

Бүгүн дүйнөдө эң кымбат азык-түлүк – бул эч бир химиялык жер семирткич кошулбай өстүрүлгөн табигий таза жол менен алынган органикалык азык-түлүк. Эң кымбат туристтик багыттар – али адам колу тийбеген табигый жаратылышын сактап калган аймактар. Кыргызстан – бул жагынан сыймыктануу менен кеңири иштерди алып барууга мүмкүнчүлүктөрү бар өлкө.

Ошондой эле дүйнөдө жыл өткөн сайын суу маселеси проблемага айланууда. Кыргызстан – Борбор Азиядагы суу ресурстарын сактоочу мөңгүлөрдүн өлкөсү. Мөңгүлөрдүн азайышы бүгүнкү күндө дүйнөлүк адамзатты тынчсыздандырууда. Мөңгүлөрдү сактоо жана коргоо багытында БУУнун кийлигишүүсү аркылуу дүйнөлүк фонддордун катышуусунда көп жылдык программаларды түзүү аракетин көрүүдөбүз. Жакынкы аралыкта илимий жактан терең изилденген экологиялык кеңири программаны иштеп чыгуунун үстүндө иш жүрүүдө.

Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү убактысы дагы келип калды. Булардын бардыгы өнүккөн коомду куруудагы негизги максаттарыбыз жана жакынкы убактарда аткара турган башкы милдеттерибиздин бири болот деп ишенем.

Бүгүнкү күндө учурдун талаптарына жооп берген, башкаруунун жаңы системасын киргизүү менен административдик-аймактык түзүлүштүн жаңы модели зарыл болуп турат. Ошондуктан “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” деген Жарлыкты кабыл алдык.

Учурда административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө даярдыктар башталып, алгач эксперимент-пилоттук аймак катары
Ысык-Көл облусунун Түп районун тандап алдык. Бул реформанын алкагында Түп районундагы 13 айыл аймагынын базасында ирилешкен 5 айыл аймагы түзүлмөкчү. Түп районунда жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгы ар тараптан изилденип чыккандан кийин натыйжасы эске алынып, келечекте толук кандуу административдик-аймактык реформа бүткүл республика боюнча ишке ашырылат.

Сөзүмдүн башында белгилеген тышкы саясаттагы ишмердикте артыкчылыктуу маселе – чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиздин укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Мына ошондуктан, чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык, консулдук өкүлчүлүктөрдү кеңейтүү максатында бир катар чет өлкөлөргө элчиликтерди бир катар шаарларга консулдуктарды ачууга жетиштик.

Чет жерде жүргөн мекендештердин виза, транзиттик өтүү, өлкө аймагына кирип-чыгуу, көчүү маселелерин жөндөй турган “Мекен-карт” системасы боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Урматтуу Улуу Жыйындын – Курултайдын катышуучулары!

Биз кылымдар бою эӊсеп келген эгемендүүлүгүбүзгө жеткенибизге быйыл 31 жылдын жүзү болуп олтурат. Бул чейрек кылымдан ашуун мезгил аралыгында ийгиликтерибиз менен катар бир топ кемчилдиктерибиз да болду. Андай кетирген кемчилигибизди да моюнубузга алуубуз керек. Бүгүнкү күндө бизди түйшөлткөн, Ата Мекенибиздин өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип, тоскоол болгон орчундуу маселелер кайсылар? Мына ошолордун олуттуусуна токтолуп, сиздер менен чогуу кеп кылалы, талкуулайлы, ой бөлүшөлү.

Өлкөнү ичинен кемирип жеп, Кыргызстандын өнүгүүсүнө, алга жылуусуна кедергисин тийгизип, бардык тармактарга тамырын кеңири жайып кирип алган коррупция көйгөйү дагы деле бар. Коррупция тамырын ушунчалык кенен жайган экен, биз өлкө башына келген күндөн тартып, башкы милдетибиз катары карап, ага каршы чечкиндүү күрөш жүргүзгөнүбүзгө карабай, коомчулуктагы бул илдеттен али толук тазаланууга жетише албай келатканыбызды ачык айталы. Эки баштуу ажыдаарга айланган бул коррупциянын бир башын кессек, кайра экинчи башы өсүп, дале токтобой келатат. Бирок кол куушуруп, шалдайып отуруп калган жерибиз жок, коррупция менен айыгышкан күрөш уланып жатат.

Биз 7 миллион калк болуп, учугубуз уланып, канат-бутагыбыз жайылды дегенибиз менен, Кыргызстан – алакандай эл, уй түгүндөй коңшуларга караганда, бизде бири-бирин жакшы тааныйт, ким эмне менен дем алып, кантип байып жатканын кыраакы элибиз жакшы билет. Ошентип, ар кандай коррупциялык көрүнүштөрдү, схемаларды түзүп алып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгындагы каражаттарды сол чөнтөккө сологондордун жолун тороп, бийлик мыйзам укуругун салып келет. Мыйзам чегинде чара көрүү менен мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуртуу иштери уланууда. Сиздер менен биргеликте Курултайдын күчүн коррупцияга каршы күрөшкө туура багыттай алсак, натыйжасы сөзсүз болот деп ишенем.

Элдик Курултайда талкуулана турган башкы маселелердин бири да ушул коррупциянын кесепети жана аны алдын алуу иштерине басым жасоого жапа тырмак киришсек дегим келет. Эгер элибиз коррупционерлерди “тууганым эле, жердешим эле” деп коргоп чыга берсе, анда биз бул илдеттен эч убакта кутула албайбыз.

Элибиз коррупционерлерди, мамлекеттик, демек, элдик мүлккө суук колун салгандарды жалпы жектесек, аларга болушпасак, “Коррупционерсиңби, мыйзам алдында жазаңды тарт!” десек, ошондо гана биз биргеликте коррупцияны жеңет элек.

Бүгүн ушул багытта сиздердин ой-сунуштарыңыздарды уккум келет.

Урматтуу Элдик Курултайдын делегаттары!

Жогоруда мен бүгүнкү күндө бардык кыргызстандыктарды санаага салган саналуу маселелерге гана саресеп салып өттүм. Сөзүмдүн башында белгилеп өткөнүмдөй, байыртадан эле элибиз омоктуу ой калчап, олуттуу маселе талдап, келечекке кеӊири жол ачкан Элдик Курултайларда – Улуу Жыйындарда “Биз ким элек, ким болдук, бүгүн кандай иш жасоодобуз, келечек муун үчүн кандай келечек түптөдүк?” деген соболдорго жооп издеп, тагдыр чечер чечимдерди кабыл алып келишкен. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” дегендей, балким сиздер да өлкөбүздүн өнүгүү жолун ташыркатып, кедергисин тийгизип жаткан маселелерди ачыктап, алардан арылуу тууралуу кеп-кеңеш, сунуш-пикирлерди берерсиздер.

Элибизде “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” деген улуу сөз бар. Кыргызстандын өнүгүүсүн, элибиздин бакубат турмушун камсыз кылуу деген асыл максатыбыз үчүн бири-бирибизге кол кабыш кылып, баарыңыздарды бүгүн ушул жерде болгон көйгөйдү ортого ачык айтып, аны чечүүнүн жолдорун сунуштоого чакырам!

Бул жыйынга катышкан ар бирибиздин башкы милдетибиз да ушул деп ойлойм.

Бүгүнкү өтүп жаткан Элдик Курултай нагыз элдик жыйын экенине бир катар олуттуу себептер бар. Биринчиден, Элдик Курултай институту Баш мыйзамыбызга киргизилгени маалым. Экинчиден, Элдик Курултайдын мүчөлөрү жалаң гана эл ичинен шайланып келишти. Элдик Курултайда бир дагы мамлекеттик кызматкер жок. Бийлик органдарынын өкүлдөрүнө Элдик Курултайга делегат болуп келишине биз жол берген жокпуз. Элдик жыйынга делегаттарды шайлоону эл өзү чечти. Кантип шайландыңыздар, кандай шайлоо жүрдү – өзүңүздөр күбөсүздөр.

Ошондуктан буга чейин айрымдар тарабынан айтылып келаткандай, дежурлар чогулган курултай болдубу же чыныгы эл шайлап жиберген эл өкүлдөрү катышкан курултай болдубу – ага өзүңүздөр жооп беришиңиздер керек. Мен болсо бул жыйынды чыныгы Элдик Курултай деп атоого толук укугубуз бар деп ойлойм.

Урматтуу Элдик Курултайдын делегаттары, дагы бир маселени алдын ала белгилеп айтып кетүүгө уруксат этиңиздер. Жер-жерлерден келген делегаттардын көкүрөгүндө өз аймагындагы көйгөйлөрдү айтып, аларды мүмкүн болушунча чечип калуу ниет-максаттары турганы белгилүү.

Айрым маселелер 40-50 жылдан бери чечилбей келе жатат. Мындай жергиликтүү маселеңиздерди биз жакшы билебиз. Мамлекетибиздин экономикалык мүмкүнчүлүгү жакшырган сайын аларды чечүү боюнча тиешелүү иштерди күчөтөбүз. Кудай буюрса, ал иштерди да жакынкы мезгилдерде жөнгө салууга болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Айтайын дегеним, бүгүнкү Улуттук Жыйында мамлекеттик маанидеги маселелер көтөрүлүп, аларды чечүүнүн жолдору талкууланарына ишенимим чоң болууда!

Буга ар бириңиздер омоктуу ойлор жана дымактуу максат-сунуштарыңыздар менен бөлүшүп, салым кошосуздар деген үмүтүм бар. Аты айтып турган Элдик Курултайдын – Улуттук Улуу Жыйындын кадыр-баркын ар бириңиздер сүйлөгөн сөзүңүздөр, берген сунуштарыңыздар менен жогору көтөрүүгө чакырып кетер элем...".

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз

Наверх