Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жанар Акаев: Чыңгыз Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу жыйындарга убактылуу катыша албай жатат

Буга чейин УКМК депутат Казакстанга кеткенин билдирген

Бүгүн депутат Жанар Акаев кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу убактылуу парламент жыйындарына катыша албай жатканын социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Бул тууралуу ЖК төрагасына жана фракция лидери катары мага расмий кат жазган. Чыңгыз Азаматович жакынкы күндөрү кайтып келип, ишин улантат деп ишенем», - деп жазылган Акаевдин билдирүүсүндө.

Эске салсак, кечээ депутат Эльвира Сурабалдиева Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев акыркы сапарга узатуу зыйнатына өлкөдөн чыгып кеткенде кармалганын билдирген. Ошол эле учурда Айдарбековдун кайда экени азырынча белгисиз.

Бирок бүгүн УКМКнын басма сөз борбору Айдарбеков кармалбай, Казакстанга кеткенин билдирди.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх