Вознесеновкадагы СИЗОдо камалган эки жаранга биринчи жолу КР жарандарынын ID-карталары тапшырылды
Бул аскер лейтенанты Халима Жунушпаеванын талыкпаган эмгегинин аркасында мумкун болду
Вознесеновкадагы СИЗОнун тургундарына Кыргызстандын жарандарынын паспорттору берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Чүй районунун Вознесеновка айылындагы No14 мекеменин тергөө абагында абактагы эки жаранга алгач КР жарандарынын күбөлүктөрү тапшырылды.
Бул жаштардын жаңы жана маанилүү статуска ээ болушу коомдук кызматкер, аскер лейтенанты Халима Жунушпаеванын күжүрмөн эмгегинин аркасында мүмкүн болду.
ИИМдин басма сөз кызматы
Сүрөт ИИМдин басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз