Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Медер Алиев Кемпир-Абаддын айынан Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти

Депутаттын айтымында, Кыргызстанда саясатчы болуш үчүн же орусиячыл, же батышчыл болуш керек. Бирок, ал кыргыз тарапта болууну чечти

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы кызматтан кетүү тууралуу арызын тапшырды.

«Кечээ мен өз каалоом менен ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгынан кетүү боюнча арыз жаздым», - деди эл тандоосу. -Белгилей кетким келет, мындай чечимди кабыл алууга Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюнча келишимди ратификациялоо себеп болгон. Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда саясатчы болуу үчүн же орусиячыл же батышчыл болушу керек. Мен кыргызды колдогон, элибиздин кызыкчылыгын коргой турган жаңы саясатчылардын галактикасын баштагым келет.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх