Жанар Акаев депутаттардын кармалышы боюнча тез арада түшүндүрмө берүүнү талап кылды
Парламентарий эл өкүлдөрү добуш берүү учурунда кабыл алган чечимдери үчүн жоопкерчилик тартпай турганын эске салды
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев эки депутаттын кармалышы боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн отчет талап кылды.
— Жакында эки депутаттын укуктарын тебелеп, камап салышты, - деп эске салды Акаев. - Эми Эмил Жамгырчиевге жабылган кылмыш иштерин кайра жандантууга аракет кылып жатышат. Бул Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүү боюнча келишимди ратификациялоо боюнча добуш берүүнүн натыйжасы деп эсептейм. Эсиңиздерге сала кетейин, депутаттар макул да, каршы да добуш бере алышат. Бирок алар добуш берүү учурунда чыгарган чечими үчүн жооп беришпейт. Бүгүнтөн кечиктирбестен биздин кесиптештерибиздин кармалышы боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрү түшүндүрмө беришин талап кылам.
Ислам Жолдошов
сүрөт www